Салык кызматы чет элдик компаниялар салык төлөбөй жатканын билдирди

Кыргызстандын салык кызматы чет элдик компаниялар, анын ичинде Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon бир жылдан бери «Google салыгын» төлөө талабына көңүл бурбай жатканын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы бир жыл бою чет элдик компанияларга электрондук почта аркылуу расмий кат жөнөтүп, бирок жооп ала элегин белгиледи.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн 18 чет элдик компания кошумча нарк салыгын төлөөчү катары аралыктан каттоодон өткөн. Салыктын ставкасы көрсөтүлгөн кызматтын суммасынын 12 пайызын түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта өлкөдө «Google салыгы» деп аталган салык күчүнө кирген. Ошентип бийлик электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет элдик компанияларды салык төлөөгө милдеттендирген.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен электрондук кызматтарга мындай салык киргизген биринчи өлкө эмес. Орусияда бул салык 2017-жылы киргизилген жана «Google салыгы» деп аталууга жетишкен.

Ал эми 2019-жылы Орусиянын Федералдык салык кызматы үч жыл ичинде бул салыктан бюджетке 82 миллиард рублга жакын киреше түшкөнүн билдирген.

Ушундай эле салык Украинада да колдонулат. 2021-жылдын июнь айында президент Владимир Зеленский салык мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, Украинада чет элдик компаниялар жеке адамдарга көрсөткөн электрондук кызматтарга 20 пайыз кошумча нарк салыгы алынат.