Академик Алтай Бөрүбаевдин «илимий ачылышы» эмнеге күмөн жаратат?

Жакында эле «Клооп» жана өлкөдөгү бир катар ЖМК Билим берүү министрлиги менен Илимдер академиясынын пресс-релизине таянып, академик Алтай Бөрүбаев математика жаатында илимий ачылыш жасаганы тууралуу жаңылыктарды чыгарышкан эле. Бирок, бул «илимий ачылышты» таанып, «XXI кылымдын улуу окумуштууларынын» реестрин түзүүчү уюмдарды изилдеп чыгып, биз дал келбестиктерди жана күмөндүү фактыларды таптык. Алар тууралуу кеңенирээк айтып беребиз.

2022-жылдын сентябрында Илимдер академиясынын сайтында Алтай Бөрүбаевдин «Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» аттуу математикалык изилдөөсү илимий ачылыш катары таанылганы тууралуу пресс-релиз жарыяланган. Кийинчерээк бул маалыматты Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы да жарыялаган.

Билим берүү министрлиги менен Илимдер академиясынын пресс-релизинде кыргыз окумуштуусу Алтай Бөрүбаев математика жаатында илимий ачылыш жасаганы айтылган. Андан тышкары, бул академиктин эл аралык деңгээлде таанылган үчүнчү эмгеги экени белгиленген. Ошондой эле пресс-релизде асмандагы жылдыздардын бирине академиктин ысымы ыйгарылганы жана Бөрүбаев «Оксфорд университетиндеги дүйнөлүк окумуштуулардын реестри» же «21-кылымдын дүйнөлүк реестри» деп аталып жүргөн тизмеге киргени айтылган.

Ошондой эле, бул математикалык изилдөөнү «Орусиянын так илимдер академиясынын» (ОТИА) бир бөлүгү болуп эсептелген «Илимий ачылыштар жана ойлоп табуулардын авторлорунун эл аралык академиясы» деп аталган уюм илимий ачылыш катары тааныганы кабарланган.

Салмагы жок ОТИА

Орусиянын так илимдер академиясы (ОТИА) — бул Орусиянын илимдер академиясына эч кандай тиешеси жок коомдук уюм.

Уктавка ылайык, ОТИА — «бардык багыттар боюнча окумуштууларды бириктирген — табият таануучуларды, жогорку технологияларды жана гуманитардык илимдерди жаратуучулар жана чыгармачыл адамдардын өзүн-өзү көрсөтүүсүнө көмөктөшүүчү коомдук чыгармачыл илимий уюм».

Ал 1990-жылы Илимдер академиясына альтернатива катары түзүлгөн. Себеби илимий эмгектерди илгерилетүүнүн жеңил процедурасына ээ жана жеке өзүнүн ачылыштар реестри бар болчу.

Окумуштуулар ОТИАнын ишмердүүлүгүн күмөндүү «ачылыштарды» колдогону үчүн бир нече жолу сынга алышкан. Андай күмөндүү ачылыштарындан арасында академиянын мүчөсү Виктор Петриктин кийин кадимки эле сорбциялык чыпка экени айтылган «инновациялык» суу тазалоо системасы болгон.

ОТИА коомдук уюмун философия, мифология, космология жана бөлүктөргө бөлүүнүн гибриди болуп эсептелген «милогия» сыяктуу жаңы илимдерди жаратып жатканы жана табыптар менен конспирологдорду колдогону үчүн да сындап келишет.

«Бул академия чындап татыктуу жана сыйлуу окумуштуулардан тышкары окумуштуу сөрөйлөрдү да батырып жүргөнү менен таанымал. Академик Е.П. Велихов ОТИАдан ваакумдан энергия алууну сунуштаган окумуштууларды колдоону туурабы көрөбү же жокпу деген суроосуна расмий жооп алмайын ОТИАга талапкер болуу сунушунан баш тарткан. Жооп келген эмес», — деп жазган академик Эдуард Кругляков.

2006-жылы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров ОТИАнын «ардактуу мүчөсү» болгон. Ага «академик» макамы ыйгарылган.

«Рамзан Кадыровго ОТИАнын академиги деген макам берилгенде күлкүм да, ыйлагым да келген. Болбосо Орусиянын так илимдер академиясы — бул түп оту менен жалган [уюм], бул ыктыярдуу уюм, ал жерге Орусиянын илимдер академиясына же башка чыныгы академияларга кабыл алынбагандар барышат», — деген академик Виталий Гинзбург.

Орусияда түрдүү илимий академиялар бар: 2013-жылы «Коммерсантъ» басылмасы 80ден ашык илимий академия бар экенин, анын ичинен алтоосу гана мамлекеттик экенин маалымдаган. Мындан улам Орусиянын илимдер академиясы 1999-жылы эле жалган илим менен күрөшүүчү комиссияны түзгөн. Бул комиссиянын сынына ОТИАнын мүчөлөрү да кабылган.

Демек, «Илимий ачылыштар жана ойлоп табуулардын авторлорунун эл аралык академиясы» жана «Орусиянын так илимдер академиясы» өзү жалган илимий ачылыштарды колдойт.

Анткен менен бул ОТИАнын мүчөлөрүнүн жана ачылыштарынын арасында чыныгы татыктуу окумуштуулар жана илимий эмгектер жок дегенди билдирбейт. Мисалы, физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты жана байыркы орус адабияты боюнча эң эле белгилүү адистердин бири Дмитрий Лихачёв ОТИАнын негиздөөчүлөрдүн бири болушкан.

Ага карабастан ОТИА ыйгарган наамдар менен макамдарды, мисалы, ошол эле Орусиянын Илимдер академиясыныкындай маанилүү же олуттуу деп эсептегенге болбойт. Ал эми ОТИАнын сыйлыктарынын эл аралык, ал түгүл орус илимий аренасында салмагы жокко эсе деле болот.

Академик Бөрүбаев өзү ОТИА менен Илимий ачылыштар жана ойлоп табуулардын авторлорунун эл аралык академиясы «эл аралык уюмдар» экенин гана билет. «Бул уюмдар 30 жылдан бери бар. Мен аларга өз эмгектеримди жөнөткөм, алар аны эл аралык экспертизадан кийин таанышкан болчу. Ал эми бул алдамчылыкпы же жокпу — билбейм», — деп билдирди ал «Клоопко».

Асмандагы жылдызга Бөрүбаевдин ысымы ыйгарылганбы?

Билим берүү министрлиги менен Илимдер академиясынын пресс-релизинде 1998-жылы Москва обсерваториясы Текечер тобундагы жылдыздардын бирине Алтай Бөрүбаевдин ысымы ыйгарганы айтылат. Жылдыз «Алтай» деген ысымга ээ болгон.

Мурдарак Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясы башка жылды атаган. Ал Москва эл аралык обсерваториясы 2001-жылы жаңы ачылган жылдызга «Алтай» ысымын бергенин билдирген болчу. Бирок биз Текечер жылдыздар тобунан «Алтай» деген жылдызды да, «Москва эл аралык обсерваториясы» деп аталган уюмду да таба албадык.

Оксфорд университетинин окумуштуулары тааныганбы?

Жок. 24.kg, басылмасынын маалыматына ылайык, Бөрүбаев 2013-жылы Эл аралык Сократ сыйлыгынын лауреаты болгон жана Оксфорддо каттоодон өткөн Европа бизнес ассамблеясынын «Илимдеги ысымдар» наамын алган. Бирок Оксфорд университетине Бөрүбаевдин эч кандай тиешеси жок.

Андан тышкары, The Times жана OCCRP басылмалары аталган уюм түрдүү сыйлыктарды, «академиялык союзга» мүчөлүктү, илимий журналдарга эмгектерди жарыялоону 2 миңден 7 миң еврого чейинки суммага сатары тууралуу жазышкан. Иликтөөлөргө ылайык, бул сыйлыктарды Орусиянын, Украинанын, Жакынкы Чыгыштын жана айрым Европа өлкөлөрүндөгү чиновниктер жана бизнесмендер сатып алышкан.

Мындан улам Бөрүбаев Оксфорд университети тарабынан чыныгы окумуштуу деп таанылган эмес деген тыянак чыгарса болот.

Академик өзү сыйлыгы үчүн эч кандай акча төлөбөгөнүн айтып ишендирүүдө.

«Мындай билдирүүлөр — мен шек келтирүү. Мен эч качан эч кимге акча төлөгөн эмесмин. Болгону ишимди жиберип, ал үчүн сыйлык алдым. Мен бул сыйлыкты 2013-жылы Лондондо өткөн расмий сыйлык тапшыруу аземинде алгам», — деди Бөрүбаев.

Аны менен катар Билим берүү министрлиги Бөрүбаев 2013-жылы «Оксфорд университетиндеги дүйнөлүк окумуштуулардын реестрине» киргенин белгилеген. Бирок Оксфорддо андай реестр жок, университеттин расмий сайтынын бир да жеринде Бөрүбаевдин ысымы аталган эмес.

Тема боюнча окуңуз:

Обаманын алты долларлык медалы. Кантип кыргызстандык эксперт өз алдынча окумуштуу болуп алган?