Гүлнара-Клара Самат: «Мир» карталарын тейлөөнүн токтотулушу техникалык мүчүлүштүк

Гүлнара-Клара Самат

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бир катар банктарда орусиялык «Мир» карталарын тейлөөнүн убактылуу токтотулушу «техникалык мүчүлүштүк» деп билдирди.

Элчинин айтымында, банктардын ишмердүүлүгү биринчи кезекте коммерциялык маселелер болуп саналат. Ошондой эле ал мындай мүчүлүштүктөр Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө болуп жатканын белгиледи.

«Бул саясат эмес, бул техникалык көйгөй. Бул бир гана бизде эмес, Орусияда жана башка мамлекеттерде да бар. Ушундай чоң процесстер жүрүп жатканда мунун баары убактылуу жана биздин каржы сегментиндеги чоңдор кандайдыр бир жол, тил табышат деген ойдомун», — деди дипломат.

Ошондой эле ал, ишкерлер коомчулугу дайыма жолугушуу өткөрүп, каржылык агымды жакшыртыш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издешерин, мындан улам «жылыш болот» деген ойдо экенин кошумчалады.

Буга чейин «Мир» карталарын тейлөөнү «Капитал Банк» жана «Демир Банк» токтоткон. Андан тышкары дагы сегиз коммерциялык банк аталган картаны тейлөөнү токтоткондугун жарыялаган. Алар — «Кыргызстан», «Бакай Банк», «Дос-Кредобанк», «Компаньон», «Банк Азия», KICB, «Бай-Түшүм», «Оптима Банк» жана мамлекеттик — «Айыл Банк».

Сентябрдын ортосунда АКШнын Каржы министрлиги «Мир» төлөм системаларына карата кызматташкандар экинчи даражадагы санкцияларга дуушар болорун эскерткен. Ошондон кийин көптөгөн өлкөлөрдөгү банктар аталган төлөм карталарын тейлөөдөн баш тарта башташкан.