Садыркуловдун өлүмү: Сот айыпталуучуну 14 жылга кести

Чүй облусунун Аламүдүн райондун сотунда Курманбек Бакиевдин тушунда президенттик аппаратты жетектеген Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароо аягына чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облусутук сотунан билдиришти.

Сот айыпталуучу Санжар Сапарбековду «Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу», «Адам өлтүрүү», «Мүлктү атайылап жок кылуу же бузуу», «Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бузуу жана жашыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Сот аны 14 жылга кести, ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Ошондой эле ага 15 миң сом айып салынды.

Санжар Сапарбеков. Сүрөт: Кундуз Кызылжарова / «Азаттык».

Сапарбеков өзү акыркы сөзүндө күнөөсүн мойнуна албастыгын билдирип, Садыркуловдун жакындарына көңүл айтты.

«Бул иш боюнча бир дагы күбө мени көрсөткөн жок. Демек бул мен ал жерде болбогонумду билдирет. Мени күнөөлүү кылгандай бир дагы далил жок», — деп келтирет AKIpress айыпталуучунун акыркы сөзүн.

Санжар Сапарбеков — кикбоксинг боюнча чемпион жана экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин өспүрүм кездеги досу. Бул иште 2011-жылдан тартып айыпталуучу болуп өтүп жаткан. Анда ал кыргыз ИИМи тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган.

Садыркуловдун көзү тазалоо

Медет Садыркулов — президент Курманбек Бакиевдин аппарат жетекчиси жана «Ак-Жол» партиясын негиздегендердин бири. Садыркулов 2009-жылдын 13-мартында табышмактуу жагдайда каза тапкан.

Ал убакта бийлик ачыктаган алгачкы версияга ылайык, Садыркулов бараткан «Лексусту» ак түстөгү «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, натыйжада жолтандабас өрттөнүп, ичиндеги Садыркулов жана анын досу, тагыраагы, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурунку директору Сергей Слепченко, ошондой эле айдоочу Кубат Сулайманов каза тапкан.

Медет Садыркуловдун унаасы күйүп кеткенден кийин.

Өлүм коштогон авто кырсыкка Ош облусунун жумушсуз тургуну Өмүрбек Осмонов күнөөлү деп табылган. Сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Өмүрбек Осмонов киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Бакиев 2010-жылы апрелде тактан кулагандан кийин Садыркуловдун өлүмү боюнча иш кайра тергеле башталган. Бир тууган Бакиевдер өлкөдө төңкөрүш уюштурууга камынып жаткан экс-чиновниктин көзүн тазалоону уюштурууга, кийин анын өлүмүн автокырсык катары имитациялоого айыпталышкан. Президенттин иниси, Жаныш Бакиев бул иш боюнча сыртынан өмүр бою кесилген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Медет Садыркулов бараткан унааны Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы жана ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери токтоткон. адыркуловду президент Бакиевдин иш башкармалыгынын башчысы Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барышкан. Ошол жактан өлтүрүп, андан соң окуяны жол кырсыгы катары жасалмалашкан.

Садыркулов киши колдуу болор күнү кикбоксердон бет тушка катуу сокку жегени, андан кийин каршылык көрсөтө албай калганы айтылган. Андан соң Санжар Сапарбеков Садыркуловдун мойнуна жип салып муунтуп өлтүргөн.