Ош: Даун синдрому бар балдар олимпиадага чакыруу алды, жол кире үчүн каражат керек болууда

Балдар олимпиадага даярдык көрүүдө.

Оштогу «Сантерра-Юг» — Даун синдрому бар балдардын ресурстук борбору Түркиянын Анталия шаарында өтүүчү өзгөчө балдар арасындагы олимпиадага чакыруу алды. Учурда борбор балдардын жана аларды коштогон ата-энелердин жол киреси үчүн каражат чогултуп жатат.

Борбордун жетекчиси Жылдыз Туратбекова «Клоопко» билдиргендей, өзгөчө балдардын арасындагы олимпиада 4-6-декабрда өтөт, балдар 3-декабрда Анталияда болушу керек. Оштон барган балдар Кыргызстандын атынан катышат.

Борборго келген чакыруу.

Уюштуруучулар балдарды жатакана жана тамак-аш менен камсыздайт. Ал эми борбор олимпиадага катыша турган беш баланын жана алардын ата-энесин кошкондо жалпы 10 адамдын Ош — Бишкек — Анталия — Бишкек — Ош багыты боюнча жол акысын төлөшү керек.

«Билеттерди сатып алууга убакыттын тардыгына байланыштуу, сиздердин жардамыңыздарга муктажбыз. Бул жолугушуунун маанилүүлүгү — меморандумга кол коюп, майыптыгы бар жана менталдык жактан өзгөчөлүгү бар балдардын мындай иш-чараларга катышуусуна шарт түзүү», — деп билдиришти «Сантерра-Югдан».

Учурда жол кире үчүн жалпысынан болжолдуу 455 миң 400 сом керек болууда.

Балдардын олимпиадага баруусуна салым кошууну кааласаңыз төмөнкү реквизиттер боюнча акчалай жардам көрсөтсөңүз болот:

Элсом 0707012112;

Мбанк 0773211408;

О деньги 0707012112;

DemirBank 1180000147625419.