Маммүлк фонду 2023-жылы «Мегакомду» жана 30га чукул активди сатууну пландап жатат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2023-жылы «Альфа Телеком» (Мегаком) жабык акционердик коомун жана 30дай мамлекеттик активди сатууну пландап жатат. Бул тууралуу парламенттин профилдик комитетинин отурумунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, бийлик аталган активдерди сатуудан жалпы 17 млрд доллар пайда көрөт.

«“Альфа Телеком” убагында 19 млрд сомго бааланган. Эми азыркы баасы мүмкүн 14-15 млрд сом болушу мүмкүн деген божомол бар. Аналитика жүргүзүп, баалоочулар менен пикир алышканда бул орточо баасы дешкен, азыр так айта албайбыз. Себеби аны баалоочу компания гана так аныктайт. Андан башка дагы сатыла турган активдер бар: “Керемет” банктагы, Кепилдик фонддогу жана “Саражал Трансда” үлүштөрүбүз бар. Ошону менен жалпы 30дун тегереги», — деп билдирди Бакиров.

21-ноябрда мамлекеттик сатып алуулардын сайтында «Мегаком» үчүн баалоочу компанияны табууга конкурс жарыяланганы белгилүү болду. Тендердин шарттары боюнча, кызмат акысы 7,8 млн сом деп бааланган.

Бийлик «Мегакомду» сатууну көздөп жатканы өткөн жылдын ортосунда эле белгилүү болгон. Анда уюлдук операторду Улуттук банк сатып алары маалымдалган, бирок бул маалыматты башкы банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев төгүнгө чыгарган. Ал бул «башкы финансылык жөндөөчүнүн максаттары менен милдеттерине жакын да жолобойт» деп белгилеген.

2021-жылдын май айында президент Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүү үчүн мамлекеттик менчиктин көпчүлүк бөлүгүн сатууну сунуштаган. Ал «жеке менчик башкаруучу мамлекеттикке караганда натыйжалуу иштейт» деп белгилеген.

«Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм», — деген президент.

«Мегакомду» сатуунун ондогон аракети

Байланыш оператору Кыргызстанда 2006-жылдан тарта иштей баштаган. Ал эми 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин компания улутташтырылган. Төрт жылдан кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн.

Кыргыз бийлиги байланыш операторундагы үлүшүн же «Мегакомду» толугу менен 2011-жылдан бери ондогон жолу сатууга аракет кылган.

2017-жылы компания сатылайын деп калганда ошол убактагы бийлик бул идеядан баш тарткан. Ал убакта «Мегакомдун» башкы директору болуп турган Акылбек Жамангулов аны «саясий чечим» деп атаган.

«Компания мамлекетке киреше алып келиши керек. Биз 100 пайыз мамлекетке таандык болгон үлгүлүү компания курууга аракеттенип жатабыз», — деген ал ошол учурда.Жамангулов мындай чечимди президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алганын белгилеген.