Бишкекте жана Ошто сөз эркиндигин колдогон акция өттү

Бишкекте өткөн акция. Сүрөт: Айбек Бийбосунов/Azattyk

25-ноябрда Бишкекте жана Ош шаарында адилетсиздикке жана сөз эркиндигинин кысымына каршы акция өттү.

Бишкектеги жөө жүрүшкө 700гө жакын активисттер, журналисттер жана кайдыгер эмес адамдар катышты.

Алар темир жол вокзалынан борбордук аянтты көздөй басып келишти. Активисттер жол катары «Сөзгө эркиндик керек», «Эркин Кыргызстан» деген ураан менен басышты.

Мындан сырткары, акциянын катышуучулары «Саясий туткунга боштондук!», «Адамдын укугу, эркиндиги кайда?», «Сөзгө эркиндик керек», «Эркиндик үчүн», «Азаттык» жана башка плакаттар менен чыгышты. Акциянын аягында катышуучулар телефондорунун жарыгын жандырып, Кыргызстандын гимнин ырдашты.

Ал эми Ош шаарында сөз эркиндигин колдогон акцияга 20 чакты журналисттер жана активисттер катышты.

Алар бардыгы тең сөз эркиндиги үчүн максаттары бир экенин айтып, бийликтен мыйзамдуулукту талап кылышты.

Акцияга журналист Ыдырыс Исаков дагы келди. Ал сөз эркиндигине кысым боло берсе, анда Кыргызстан «элин бага албай калат» деп билдирди.

Ошондой эле, ал акцияга чыккан журналисттердин бардыгынын максаты бир экенин айтып, өлкөдө эркиндик калыптанышы керек экенин белгиледи.

«Бизде кыйраткан "Түркмөнстан эмеспиз. Түркмөнстан элдин бардыгын оозун жаап коюп, газы көп экен, ошол газы менен элди багам" деп атат. Ошондо дагы бага албай жатат. Анткени сөз эркиндиги, ишкердик эркиндиги жок. Бизде азыр ушундай жол менен кетсек Түркмөнстанга барабыз, алардан дагы өтүп кетебиз. Анткени бизде жаратылыш ресурсубуз жок, андай газыбыз жок», — деди ал.

Ошто өткөн акция. Сүрөт: Kloop/Бакай Алмаз

Темировду депортациялоо

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда журналист Болот Темировду Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин («Өлкөдөн чыгарып жиберүү») негизинде өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Бул берене боюнча чет өлкөлүк жаран же жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин жарандыгы жок адамдар Кыргызстандан сырткары чыгарылат.

Мурдараак Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду баңгизатты сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү иши боюнча актаган, бирок документти жасалмалоо иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Тергөөчүлөр журналист паспортун аталган жасалмаланган аскердик билеттин жардамы менен «мыйзамсыз» алган деп эсептешет. Бирок бул иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен Темировго жаза дайындалган эмес.

Темиров өзү акыркы сөзүндө ишти «бийликтин тапшырмасы» деп атаган. Шаардык соттун отурумунда Темировдун жактоочулары журналистти кылмыштын курамы жоктугунан толугу менен актоону талап кылышкан.

Шаардык соттун чечиминен кийин Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Үч сааттан ашык журналисттин дайыны белгисиз болгон — Темировду Бишкектин убактылуу кармоочу жайларынан да, атайын кармоочу жайлардан да таппай коюшкан. Кийинчерээк Темировдун адвокаты Баатыр Ботобеков «Клоопко» Темировду «күчкө салып жашырып жатышат» деп билдирген.

Кечке жуук Ботобеков Темировду издеп «Манас» аэропортуна келген. Ал жерден адвокат аэропорттогу милиция бөлүмүнө барып сураганда «Темировду эч ким алып келбегенин» айтышкан.

Бирок саат 20:00гө жакын милиция бөлүмүнө жарандык кийимчен, болжолдуу, укук коргоо органдарынын же УКМКнын кызматкерлери кирип, ал жерден шаша-буша Темировду чыгарып, лифт менен учуу залына көтөрүлүп кетишкен.

Кийин иликтөөчү журналисттин адвокаттары Темировду Кыргызстандан Москвага депортация кылышканын билдиришкен.