26-ноябрдагы Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров экс-депутат Жылдызкан Жолдошованын өлкөдөгү башкаруу системасы боюнча айткан сынына жооп берди.
Жапаров буга дейре парламенттик башкаруу системасында дагы иштегенин айтып, ал кезде «көп маселе чечилбей калган» деп белгиледи.
«Парламенттик дагы башкарууну көрдүк, жыргап кеткен жокпуз. Мен экөөнү тең көрдүм, экөөндө тең иштедим. Бул жерде “үч баштуу” бийлик болду. Акыркы 2010-2020-жылга чейин парламент өзүнчө бийлик, тим эле монстр болуп алды. Андан кийин өкмөт анан президент. Эч бири маселе чечпейт, бири-бирине шылтап, түртүп коюп эле отура берип, мына үч жылда бир кагаз кабыл алынбаган экен. Үч жыл айланып жүрө берген. Эч ким жоопкерчиликти мойнуна албайт. Чаң басып калган таңгак кагаздар дагы чечилбей келген. Анткени “кой кокуй, мен жооп берип калбайын” деп бири-бирине түртө берип, архивде жаткан документтерди биз алдыга жылдырдык. Азыр болсо президент менен өкмөттүн аппараты бириккен», — деди ал.
Ошондой эле Жапаров президенттик башкарууда «көп маселе өз убагында чечилип, жолдор, мектептер салынып, армия күчтөнүп жатат» деген пикирин айтты.
«Жоопкерчилик менде болгондон кийин, орчундуу маселе болгондо күнү-түнү уктабай чыгат экенсиң. Чек ара маселесинде күнү-түнү уктабай, министрлер кабинеттин, депутаттарды чогулта калып, керектүү жерде ушинтип иштейт экенсиң. “Үч баштуу” бийликте болсо, президент көшөгөнүн артында туруп алып башкарат. Уурдаган өзү, жооп берген премьер-министр болуп калат. Ошол үчүн акыркы 30 жылда 35 премьер министр алмашылып атпайбы. Мунун [ишибиздин] жемишин көрөсүздөр. Ушу жакынкы эле 5-6 жылда көрөсүздөр», — деп ишендирди Жапаров.
«Тактыга жеткенде монстрга айланат экен»
Элдик Курултайда Кара-Суу районунан делегат болуп келген, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова өлкөдөгү башкаруу системасын сынга алган.
«Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде монстрга айланат экен. Ошол үчүн биздин президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл», — деген Жолдошова.
Аны менен катар, экс-депутат Садыр Жапаровго кайрылып, президенттик башкаруудан баш тартуу маселесине кайрылууга чакырган. «Сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү каякка алып барат?» — деп суроо салган ал.
Президенттик башкаруу
2021-жылы Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январда – кезексиз президенттик шайлоо менен бир күндө өткөн. Бул шайлоолор, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам келип чыккан.
Башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун башкы демилгечилеринин бири Садыр Жапаров болгон. БШК Садыр Жапаровду кезексиз президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары тааныган.
2020-жылдын октябрдагы башаламандыктардын шартында, Жапаровдун тарапташтары аны колониядан бошотуп чыгышкан. Андан соң бир нече аптанын аралыгында ал премьер-министр, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болууга жетишкен.
Бир катар кадрдык алмашууларды ишке ашырып, чечүүчү кызматтарга үзөңгүлөштөрүн дайындаган соң, Жапаров президенттин милдетин аткаруучу ыйгарымдарын өткөрүп берип, президенттикке талапкер катары катталган.
Бирок президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырар алдында, бир катар депутаттар менен биргеликте башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү демилгелеген. Ошол эле учурда, Жапаров өзү президенттик республикага кайтып барууну самап жатканын бир нече жолу кайталаган.
2021-жылдын январында президенттик шайлоо өтүп, аны менен катар референдум боюнча да шайлоо өткөн. Анда участкага келген шайлоочулардын 81,49%ы президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берип, башкаруу системасы өзгөргөн.