Токаевдин инаугурациясы: Казакстанда бийликке каршы акцияга чыккан ондогон адам кармалды

26-ноябрь күнү кечинде Казакстандын Астана шаарында Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатканда 300дөй киши жөө жүрүшкө чыкты. Бирок милиция акцияга катышкан ондогон адамдарды кармап кетти.

«Азаттыктын» казак кызматынын маалыматына ылайык, борбордо уюлдук байланыш өчүп, жыйырма сааттан кийин күйгөн. Ал эми интернет азыр деле бат-баттан өчүп жатканы айтылууда.

BASE телеграм каналындагы маалыматка ылайык, «акциянын катышуучулары Токаевдин инаугурациясына» каршы чыгышкан. Казак ЖМКсы акцияга чыккандар Казакстандагы жаш бизнесмен Марат Абиевдин тарапташтары экенин жазууда.

Ал эми Астананын укук коргоо органдары белгилүү ишкер Абиев 300гө жакын кишини клубга чогултуп, «аларга жалган маалымат берип, жеке максаттарына жетүү үчүн аларды мыйзамсыз жүрүшкө чакырган» деп билдирди.

Казакстандын полициясы жүрүштүн катышуучулары «коомдук тартипти одоно бузуп, транспорттук жана социалдык инфраструктуранын иштешине тоскоолдук жаратышкан» деп белгилешти. Ошондой эле полиция кызматкерлерине «физикалык каршылык көрсөтүшкөн» деп кошумчалашты.

«Мыйзамсыз акцияны токтотуу боюнча полициянын талабына катышуучулар жооп берген жок. Үн күчөкүчтөрдү колдонуп, элди тукурган уюштуруучулар мыйзам талаптарын бузууну уланткан», — деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

Казак бийлиги интернеттин өчүрүлүп жатканын жабдыктардын бузулушу менен түшүндүрдү.

Президенттик шайлоодо Токаевдин жеңиши

20-ноябрда Казакстанда президенттик шайлоо болуп өттү. БШКнын маалыматы боюнча, Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,3% добушуна ээ болду. Добуш берүүгө 8,2 миллион киши же жалпы шайлоочулардын 69,4%ы катышты.

Экинчи орунду «баарына каршы» графасы ээледи — ага 460 миң казакстандык же шайлоочулардын 5,8%ы добуш берген. Калган талапкерлер 2-3% упай топтошту.

Алардын арасында Астана маслихатынын (жергиликтүү мыйзам чыгаруу органы) депутаты Каракат Абден, Улуттук социал-демократиялык партиянын өкүлү Нурлан Ауесбаев, Казак фермерлери ассоциациясынын жетекчиси Жигули Дайрабаев, экономист Мейрам Кажыкен жана укук коргоочу Салтанат Турсынбековалар бар.

Токаевдин атаандаштарынын жеңишине эч ким ишенген эмес, социологдор Токаевдин 80%дан ашык добуш топтоорун айтышкан. Ал эми калгандарын «тил алчаак жана эч кимди кызыктырбаган талапкерлер» деп аташкан.

Президенттин атаандаштарынын экөөсү — бийликке лоялдуу партиялардан, үчүнчүсү — дыйкандардын ишенимдүү жамаатынан, дагы экөө — жарандык коомдун партиясыз өкүлдөрү.

Шайлоо көз карандысыз байкоочулардын шайлоо процессинин бузулушу жана активисттердин кармалышы боюнча даттанууларынын фонунда өттү. 20-ноябрь күнү түштөн кийин Алматыда полиция 30дай адамды кармап кеткен.