БУУнун айыл чарба боюнча өкүлү: Кыргызстанда жакыр үй-бүлөлөр ачка калуу коркунучунда турат

Азык-түлүктүн баасынын өсүшү жана жана айыл чарбасы үчүн ресурстардын тартыштыгы быйыл Кыргызстанда калктын аярлуу катмарын ачарчылыкка кептеп жатат. Бул тууралуу The Thrid Pole басылмасында жарык көргөн макалада БУУнун Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондунун (IFAD) Кыргызстандагы аймактык директору Самир Бежауи жазды.

«Кыргызстан өз калкын камсыздоо үчүн буудай, жүгөрү, сары кычы жана күн карама майы сыяктуу негизги тамак-аш продуктуларын өндүрбөйт. Бул азык-түлүктөр буга чейин Орусия жана Украинадан импорттолуп турчу», — деп жазат Бежауи.

Орусия март айынан тартып августка чейин дан өсүмдүктөрүн экспорттоого чектөө киргизген, ал эми Украинанын экспорту согуштан улам кыйындаган. Орусияга каршы санкциялар Борбор Азия боюнча күйүүчү майдын жана жер семирткичтердин тартыштыгын жаратып, аймакта азык-түлүк өндүрүшүнө кедергесин тийгизди, деп жазат Бежауи.

IFAD’дин өкүлү Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар да азаярын болжойт.

Мунун баары Кыргызстанда жакырчылыкты күчөтүп жатат деп белгилейт ал. Азыркы тапта эң эле жакыр үй-бүлөлөр тамак-ашка тапкан кирешесинин 60%дан ашыгын коротушат, көбүнчө өздөрү өстүргөн картошка менен тамактанышат.

«Бирок мындай өсүмдүктөр климаттын өзгөрүүлөрүнө сезимтал келет: жаан-чачындын бирдей эмес жаашы, кургакчылык, кардын азайышы, мөңгүлөрдүн эриши. Кыргызстанда түшүм алуудагы оош-кыйыштардын 40%ы дал ушулар менен байланыштуу», — деп эсептейт адис.

Өз кезегинде IFAD Кыргызстандын фермерлерине биригип, өндүрүштүк-сатыктык чынжырчаларды курууну сунуштайт. Бул үчүн Бежауи кыргыз өкмөтү фермерлерди колдоого алышы керек деп эсептейт, себеби дүйнөлүк соода кризисинин шартында дал ошол жергиликтүү өндүрүш ачарчылык коркунучун азайтат.