Өткөн дем алышта Кытайдын бир нече шаарларында ковидге каршы чаралардан улам нааразычылыктар тутанды. Митингге чыккандар кытай бийлигинин COVID-19га карата «жол бербөө» саясатын сынга алып, чектөөлөрдү алып салууну талап кылышты. Акцияга чыккандардын айрымдары Си Цзиньпиндин отставкасын талап кылышууда. Экперттер бул нааразычылык акциясы, 1989-жылы Тяньаньмэнь аянтында болгон нааразычылыктардан бери эң катуу элдик толкундоолор экенин айтышууда.
COVID-19га «таптакыр жол бербөө»
Кытай бийлиги COVID-19га «таптакыр жол бербөө» деп аталган саясатты карманат. Ага ылайык, оорунун очогу аныкталган учурда жапырт обочолонуу жана жашоочуларды массалык түрдө тесттен өткөрүү каралган. Буга эң көрүнүктүү мисал — ушул жылдын жазында болгон Шанхай шаарындагы локдаун. Анда 26 миллион калк жашаган шаардын тургундарынын көпчүлүгү үйлөрүндө жана атайын мекемелерде камалып калышкан. Буйрутма аркылуу үйлөргө тамак-аш ташыган кызматтар жетише албагандыктан айрым тургундар ачка калган. Шанхайдагы локдаун 2,5 айга созулган.
The Bell басылмасы кытай бийлиги жакын арада COVID-19га «таптакыр жол бербөө» саясатынан жакын арада баш тарта албай турганын, буга бир нече себеп бар экенин белгиледи. Биринчиси кытайдын саламаттык сактоо системасы: начар камсыздалган ооруканалардын бытыранды тармагы бейтаптардын агымын тейлей албайт. Абал ири шаарлардын сыртында өзгөчө кейиштүү. Экинчи себеп, коронавируска жакшы туруштук бере албай турган улгайган адамдардын көптүгү жана кытай өндүргөн вакцинанын вирустун жаңы штаммдарына, айрыкча «дельта» жана «омикрон» штамына каршы натыйжасыздыгы. Андан тышкары, басылма кытай бийлигине өлкөдө туруктуулукту сактоо маанилүү экенин жана жакынкы күнгө чейин ковидге каршы чаралар буга чейин да бийликке чоң жардам берип келгенин кошумчалады.
«Айфон» нааразычылыгы
24-ноябрда интернетте нааразычылык акциясынын жүздөгөн катышуучулары ак түстөгү коргонуучу костьюмчандар менен кагылышып жаткан видео пайда болгон. ЖМКнын маалыматына ылайык, нааразычылыкка чыккандар — Кытайдын Чжэнчжоу шаарындагы iPhone өндүргөн Foxconn деген эң ири заводдун кызматкерлери, ал эми ак формачандар — күч кызматкерлери.
Видео тараганга чейин бир нече апта мурда, нааразычылыктар башталганга чейин 200 миң киши иштеген заводдо коронавирус тараган.
Ишкананы карантинге жаап салбаш үчүн жетекчилик фабрика комплексинин ичинде коронавируска каршы катаал чараларды киргизүүнү чечкен. Ошентип Foxconn компаниясынын кызматкерлери фабрика комплексинин ичинде адам чыдагыс шартта камалып калышкан.
Кийин ковидге каршы чаралардан улам заводдун он миңдеген кызматкерлери жумуштан бошонуп кетишкен. Компания шашылыш түрдө жогорку маяна убадалап жаңы кызматкерлерди жумушка ала баштаган. Жаңы кызматкерлер үчүн түзүлгөн бонустарга компанияда көптөн бери иштеген кызматкерлер нааразы болуп, мындан улам Foxconn жаңы кызматкерлердин айлык маянасын азайтып — бул болсо алардын нааразычылыгын жараткан деп жазды The Bell басылмасы. Мунун баары карантин катаал чаралар жана жатакана же өндүрүштө вирусту жугузуп алуу коркунучу менен коштолуп, ишканада көтөрүлүш чыккан.
Натыйжада миңдеген адамдар чыккан нааразычылык акциялары башталып, аларды коргоочу кийим кийген күч кызматкерлери басууга аракет кылышкан. Акыры компания өз ыктыяры менен жумуштан кетем дегендердин баарына 1400 доллар төлөп берүүнү сунуштаган. Reuters басылмасынын маалыматына ылайык, сунушту 20 миңдей адам кабыл алган. Андан соң компания жумушта калуу чечимин кабыл алгандарга 1800 доллар төлөп берүүнү убадалаган.
Америкалык Apple корпорациясы жаңы iPhone’дун жаңы модели бул жылдын акыркы кварталында күтүлгөндөн бир топ төмөн болорун расмий билдирди. Чжэнчжоу шаарындагы заводдо Apple смартфондорунун жаңы моделдеринин көпчүлүгү, анын ичинде жаңы iPhone 14 смартфондорунун 80%ы жана Pro үлгүсүндөгү аппараттардын 85%ы чогултулат.
Үрүмчү шаарындагы 10 кишинин өмүрүн алган өрт
Андан кийин 24-ноябрга караган түнү жергиликтүү уйгурларга каршы массалык репрессиялар болуп жаткан Синьцзян-Уйгур автономдук округунун борбору Үрүмчү шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттө 10дон кем эмес киши каза болгон.
Адамдарды куткарууга ковидге каршы чаралар тоскоолдук кылган: Үрүмчү шаарынын тургундарына үйдөн чыгууга тыюу салынган, шаардагы локдаун 100 күндөн бери уланууда. Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан имаратка бара алышкан эмес, буга чектөөлөр же өрт өчүрүүчүлөр карантинде отурганда өрт өчүрүү унааларынын кубаты түгөнүп калганы себеп болгон деп жазды The New York Times. Басылманын маалыматына караганда, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону үч саатта араң өчүрүшкөн.
25-ноябрда Үрүмчү шаарынын тургундары административдик имараттын алдына келип, ковидге каршы чектөөлөрдү жокко чыгарууну талап кылышкан.
26-ноябрда эртең менен Үрүмчүнүн бийлиги тургундарды сактап калууга карантиндик чаралар тоскоолдук кылган жок деп маалымат жыйын беришкен. Андан тышкары, шаар бийлиги «COVID боюнча коомдук нөлдүк чекке» жетишкенин, эми Үрүмчүдөгү чектөөлөр жеңилдей турганын жарыялашкан. Алар бир нече аптадан бери иштебей жаткан такси, темир жол жана транспорттун башка түрлөрү кайрадан жандана турганын айтышкан.
Массалык нааразычылыктар
Бирок муну менен нааразычылыктар токтоп калган эмес, башка шаарларга өтө баштаган. Ишемби күнү кечинде Шанхайдын жүздөгөн тургундары колдоруна шам көтөрүп, Үрүмчүдөгү өрттөн каза болгондорду эскерүү үчүн чыгышкан. Алар шам, гүл жана плакаттардан импровизациялык эстелик жасашкан.
The Washington Post басылмасы акциянын катышуучулары «Үрүмчүнү эле эмес, жалпы Кытайды ачууну» талап кылышканын, «жоголсун партия», «жоголсун Си» деп кыйкырышканын жазды. Андан тышкары, алар Кытайдагы цензурага каршылык иретинде колдоруна ак барактарды кармап чыгышкан.
Полиция акциянын бир нече катышуучусун катаал мамиле жасап, башка катышуучуларды түртүп кармап кеткен деп билдирди «Настоящее время».
Бирок жекшемби күнү массалык нааразычылыктар Пекин, Чэнду, Гуанчжоу жана Ухань шаарларына да жайылып кеткен. Пекин шаарында нааразычылык акциясынын катышуучулары ковидге каршы чектөөлөрдү алууну гана эмес, саясий эркиндикти да талап кылышкан, ошондой эле Шанхайдагы кармалгандарга тилектештик билдиришкен.
Нааразычылыктар Кытайдагы бир нече университеттерде да болгон. Ошентип, Нанкиндеги университеттердин биринин студенттери колдоруна ак барактарды кармап чыгышкан.
Reuters басылмасынын маалыматына ылайык, нааразычылыктар дүйшөмбү күнү да уланган, бирок массалык түрдө эмес. Бийлик дем алыш күндөрү акция өткөн жайларга ондогон полиция кызматкерлерин койгон.
CNN басылмасы нааразычылык акциялары Кытайдын эң аз дегенде 15 шаарында өттү деп эсептеди.
Мындан ары эмне болот?
Bloomberg басылмасы азыркы нааразычылыктар — Коммунисттик партия Тяньаньмэнь аянтында болгон нааразычылыктан бери 30 жылдын ичинде кезиккен эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири деп жазды. Тяньаньмэндеги нааразычылыктарда саясий реформаларды талап кылып бир нече айлап митингге чыккан студенттерди кытай бийлиги катаал ыкма менен, курал колдонуп жатып тыйган болчу. Каза болгондордун саны миңге чукул, жабыркагандар бир нече миң кишиге жетиши мүкүн деп бааланган.
Коммунисттик партиянын башчысы Си Цзиньпин учурдагы абалды кандайча жөнгө салаарынан өлкөнүн келечеги көз каранды деп жазды басылма.
« [Кытайдын] бийлигинин алдында татаал маселе турат: чектөөлөрдү дароо алып салуу вирусту жуктургандардын көрсөткүчүнүн кескин өсүшүнө, ал эми чектөөлөрдү албоо — нааразычылыктарды дагы да күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Бир жагынан, нааразычылыктарды катаал ыкма менен басуу алардын тарапташтарынын көбөйүшүнө себеп болушу мүмкүн, аларды баспай коё турган болсо — нааразычылык андан ары жайылышы мүмкүн.
Абал өткөн айда Коммунисттик партиянын триумфалдук съездинен кийин кебелбестей көрүнгөн Си Цзиньпиндин позициясын тайсалдатты. Нааразычылыктардын шартында Си Цзиньпин отставкага кетет деп күтүүгө болбойт, бирок бул окуялар анын үчүнчү мөөнөтүнүн башталышын бир топ кайгылуу кылат», — деп жазды The Bell Bloomberg’ге таянып.