Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев. Сүрөт: Казакстандын президентинин басма сөз кызматы

Казакстандын ТИМи Өзбекстан менен саясий, экономикалык жана аскердик союз түзүү жөнүндө келишимдин долбоорун жарыялады. Документте Москванын Борбор Азиядагы салмагы азайганы белгиленип, Астана менен Ташкендин чөлкөмдөгү лидерлигинин жаңы форматы жарыяланган. Бирок Орусия өз позициясын алсыраткысы келбейт. Өлкөнүн Батыш тараптан обочого алынганы Орусиянын чөлкөмдөгү активдүүлүгүн ого бетер жогорулатышы мүмкүн дешет эксперттер.

Келишимдин долбоору 28-ноябрда, казак президенти Касым-Жомарт Токаев Москвага иш сапары менен барган күнү жарыяланган. «Ал экономикалык иш сапар деп белгиленген, — дейт Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов. — Тараптар саясий күн тартибинен оолак болушту — балким, евразиялык мейкиндикти жөн эле дүрбөтө бербейли дешти окшойт».

А бирок Өзбекстан менен келишимде саясий месседждер көп болду.

ЕАЭБ тууралуу бир да сөз жок, Украина тууралуу кыйытышты

Документте Москванын постсоветтик аймактагы бакшы интеграциялык уюмдары эскерилген эмес. Казакстан менен Өзбекстан алдыда өз ара алака түзүүнү пландап жаткан эл аралык уюмдардын арасында (20-берене) БУУ, ЕККУ, ШКУ жана ислам аянтчалары бар, бирок ЖККУ менен ЕАЭБ жок. КМШ жана «башка эл аралык жана аймактык уюмдар менен форумдар» так кесе кайсылары экени такталбастан акырында гана эскерилген.

«Жалпы аймактык маселелерди чечүүнүн» негизги механизми деп Токаев менен Мирзиёев Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларын аташат. Эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктарына байланышкан маанилүү маселелер эки тараптуу жаңы Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешке чыгарылат. Аны Өзбекстан менен Казакстандын президенттери башкарат.

Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин долбоорунда Украинадагы согуштун дабышы, Орусияга аскердик жардам көрсөткөнү үчүн Беларуска каршы батыштын санкциялары, Москванын Казакстандын түндүгү «орустардыкы» деген былтыркы билдирүүлөрү дагы деле угулуп жатканы даана сезилет.

Алсак, келишимдин 3-беренесинде Казакстан менен Өзбекстан бири-бирине каршы кандайдыр бир аракеттерге, союздарга жана блокторго катышуудан карманат деп айтылат. Алар өздөрүнүн коммуникацилары менен башка инфраструктураларын үчүнчү мамлекеттерге «экинчи тарапка каршы куралдуу аракеттерди же башка кастык ишмердүүлүктү даярдоо же аны ишке ашыруу максатында» пайдаланууга жол бербөө милдетин алышат. Кеп аскердик-техникалык кызматташуу жөнүндө да болуп жатат.

Аркадий Дубнов

Аркадий Дубнов документтин пайда болушун геосаясий толкундоолор, ЖККУнун ролу алсыздаган жана орус ЖМКсында түндүк Казакстан темасында ар кандай чайкоочулуктар болуп жаткан шартта, Астананын союздаштары бар экенин көрсөтүү аракети катары чечмеледи. «Бул региондогу активдүүлүгү Москваны тынчсыздантышы мүмкүн болгон НАТО же Кытай эмес, аймакичиндеги өнөктөштөр, — деп белгилейт саясат таануучу. — Эгерде аймактык бүтүндүгүнө кол салуу боло турган болсо, Казакстандын тарабын кармана тургандар».

Үчилтик союзбу? Газ боюнча гана

Келишимдин басымдуу бөлүгү борбор-азиялык логистиканы кайра куруу үчүн шарттарты түзүүгө арналган. Транзитти, экспортту, түтүктөрдү жана жана транспорттук коридорлорду биргеликте өнүктүрүү жөнүндө документтин дароо беш беренесинде камтылган. Долбоорлордун аталышы айтылбаганы менен, март айында, согуш жана санкциялардан улам Казакстандын Орусия аркылуу экспорту дээрлик токтоп калганда Астанада жүктөрдү айланып өткөрүү зарылдыгы тууралуу сөз боло баштаган.

Альтернативдүү жолдорду өнүктүрүүгө 20 жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрүнө АКШ, ЕБ жана Кытай жардам берип келет. 25-ноябрда АКШнын Казакстандагы элчиси Дэниэл Розенблюм, 2023-жылдан тартып Америка казак мунайын Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу батышка экспорттоого жардам берерин айткан. Дал ошол Токаев Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн күнү, бул эки өлкөнүн өкүлдөрү Актаудагы логистиканы талкуулашканын эске салды Дубнов.

Казакстан менен Өзбекстандын жакындоосу Москванын көңүл сыртында калган жок: Путин ошол эле күнү Токаевге Орусияны кошуп үчилтик союзду түзүүнү сунуштады. Бирок Орусиянын кошулуусу менен жаңы союз Өзбекстан мүчө болбогон ЕАЭБ жана ЖККУнун клонуна айланмак.

Путиндин сунушу, эл аралык дүйнө үчүн делген Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаровдун пикиринде, Борбор Азия кызматташтыгы уюмунун тагдырын эске салат. Ал уюм 2002-жылы Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажжикстанды бриктирген. Ал эми 2004-жылы уюмга Орусияны чакырышкан, андан бир жыл өткөн соң, Евразия экономикалык союзуна бириктирилип, Борбор Азия кызматташтыгы уюму жоюлуп кеткен.

Балким ошондуктан, Токаев Путиндин идеясын дипломатиялуу түрдө колдоп, идеяны газга такады окшойт. «Ооба, комушча макулдашууну, ал тургай сүйлөшүүлөрдү талап кылган маселелер бар. Айрыкча, газ тармагы тууралуу сөз болууда», — деп билдирди ал.

Темур Умаров

Токаевдин газ маселелери менен тынчсыздануусу Казакстандагы Карачаганак кенинен газ конденсатын ташып, андан аркы экспортко чыгаруу үчүн Оренбургга кайра иштетүүгө жөнөтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн деп болжойт Дубнов. Учурда Орусия бул багыттагы схема менен иштөөнү токтоткон болушу мүмкүн.

Москва эч кайда кетпейт

Жаңы союз Москванын абалына кедергисин тийгизбейт жана анын Борбордук Азиядагы орду тууралуу маселе жаратпайт деп эсептейт Орусиянын Илимдер академиясынын Экономика институтунун илимий кызматкери Александр Караваев. «Региондогу өлкөлөр сырткы дүйнө менен мамилени өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү алышат, бирок бул жабдык жана соода-сатык жүргүзүү үчүн “шлюз” керек болгон Орусия үчүн да пайдалуу», — деп белгиледи ал.

2022-жылдын 14-ноябрында Астанада өткөн Орусия-Борбордук Азия саммити. Сүрөт: Орусиянын президентинин басма сөз кызматы

«Өткөн жылдын декабрында Казакстан менен Өзбекстан бирин бири колдоо жөнүндө макулдашууга кол коюп, ал союз деп чечмеленген, — дейт Орусиянын Илимдер Академиясынын эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк экономика илим изилдөө улуттук институтунун (ИМЭМО РАН) постсоветтик изилдөөлөр борборунун улук илимий кызматкери Станислав Притчин. — Бирок, ага карабастан, январь айындагы Казакстанда болгон окуяларда Өзбекстан жөн гана четте турган. Жаңы документ көбүнесе декларативдик мүнөздө болуп калышы ыктымал. Мындай союз үчүн фундаменталдык экономикалык негизди көрбөйм турам. Саясий жактан алып караганда деле өлкөлөр бир аз айырмаланып турат. Бул структура кандай иштери азырынча түшүнүксүз».

«Өзбек-казак жакындашуусунун айланасында Борбордук Азияда Орусиядан бөлөк турган интеграция пайда болушу толук мүмкүн, — деп эсептейт Темур Умаров. — Аймактын президенттеринин консультативдик жолугушуулары Москваны анчейин деле ойлонткон жок, себеби алар реалдуу өзгөрүүлөргө алып келчү эмес. Эми болсо Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда алда канча байкалаарлык жылыш болгону турат. Ошондуктан азыр Орусия кылдат көз салып жатат. Атүгүл Европадан чыгып кетүүгө аргасыз болгон элчилерин аралаштырып, бул региондогу процесстерге активдүү катышууга даяр».