Парламент спикери Нурлан Шакиев депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов көзөмөл органда суракка алынганына байланыштуу башкы прокурор Курманкул Зулушевди Жогорку Кеңешке чакырды.
Парламенттин 1-декабрдагы жыйынынан Токторбаев менен Атазов нааразылыгын айтып, көзөмөл органдын аракетин антиконституциялык деп аташты.
Депутат Шайлообек Атазов парламент спикери Нурлан Шакиевге кайрылып, «үч прокурор депутаттардын бөлмөсүнө келип, суракка чакырганы мыйзам бузуубу жокпу» оюн айтууну суранышты.
«Бүгүнкү күнү мыйзамдуу мамлекетте жашап жатабыз. Конституциябыз бар, эгемендүү мамлекетпиз. Бизге эл тарабынан көптөгөн арыздар түшүп жатат. Алар прокуратура органдарынын кылып жаткан иштерине нааразы болгон арыздар. Биз кечээ күнү ушул жерге чыгып, эл тарабынан түшкөн арыздарды Башкы прокуратура карап койсун деген ойду айтык. Үч прокурор биздин кабинкетке келип, суракка чакырып кетип жатат. Биз ага арданбайбыз. Бирок мыйзам бузулуп жатат. Биз мамлекеттүүлүк үчүн, мамлекеттин саясатын колдогон депутаттарбыз. Президенттин саясатын коопсуздук жана келечек үчүн колдоп жатабыз […] Көп иштер депутаттар айтып, көтөрүп чыккандан кийин гана чечилиш керек беле? Ошону өз учурунда эле аткара берсе болбойбу? Мына түнү менен прокуратура иштерине нааразы болгон нааразычылыктар пачкалап түшүп жатат. Ошол элдин нааразычылыгын жоёбуз деп кайра-кайра төңкөрүлүш болуп жатпайбы», — деди Атазов.
Ал эми депутат Жеңишбек Токторбаев сөз кезегин алып президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
«Азыркы “пахтакорлор” биз силерди камакта жатканда, силердин суугуңарга тоңуп, ысыгыңарга күйүп, чуркап жүргөндө, азыркы тегерегиңерде жүргөн “пахтакорлор” силерди соттогон. Соттогон гана эмес, андан башка нерселерди да жасашкан», — деди ал.
Андан соң Токторбаев спикерге да кайрылды.
«Биз эмне кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем. Артымда элим бар. Урматтуу төрага, ушул маселени сөзсүз карап коюнуз. Туура эмес болду. Эмне [кечээ] урматтуу депутатыбыз Шайлообек Атазов экөөбүз прокурорго асылдыкпы? Элден түшкөн арызды, элдин муңун айттык. Эгер айтпасак, ушул жерде балык депутат болуп отурсак кандай болуп калат?» — деп ачууланды депутат.
Ошондой эле ал парламенттин мурдагы депутаты Асылбек Жээнбековго кошуп мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду да камакка алуу керектигин кошумчалады.
«Мен башкы прокурорубуздун Жээнбековдор менен кандай байланышы бар экенин билбейм. Бирок Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин кымгуут башталды […] Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров менен кошуп, Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Атамбаев менен табакташ болуп жүргөндө анын жакшылыгын көрүп, эмне жамандыгы болгондо бөлөк турушу керекпи? Жамандыгын да чогу көрүшү керек. Эгер ушуларды прокуратура кызматкерлери коргой турган болсо, анда менин да айтчу сөздөрүм бар», — деди депутат.
Жыйында депуттардын бир катары да Атазов менен Токторбаевди коргоп сөз алышты. Алар спикерден эл өкүлдөрүнүн суракка чакырылышынын мыйзамдуулугу боюнча оюн айтуусун суранышты.
Депутат Камила Талиева эгер прокуратурага маалымат керек болсо аны депутаттарды суракка чакырбай эле алардын кабинет алса болмок деп эсептейт.
«Чынында кечээ күнү прецедент түзүлдү. Биз баш мыйзам менен жашаган мамлекетпизби? Баш мыйзамдын беренелерин окуп, карап коюшса болмок [...] Бул прецедент кайталанбашы керек. Ошон үчүн буга мыйзамдык жана юридикалык баа берип коёлу», — деди депутат.
Ал эми депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн парламентке чакыруу керектигин кошумчалады.
Депутаттардын сурагы
Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов 30-ноябрда Башкы прокуратурада сурак беришкен.
Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, эл өкүлдөрү парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында айткандары боюнча күбө катары суракка чакырылышкан.
«Бүгүн депутаттар прокуратуранын дарегине бир катар сын айтышты. Алардын айткандарын текшерүү үчүн сотко чейинки өндүрүш башталды», — деп билдирди ал.
Парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов айрым аймактардагы прокуратура органдарында коррупция бар экенин айткан. Кесиптешинин айткандарын Жеңишбек Токторбаев да колдогон. Ал дагы көзөмөл органында коррупция бар экенин айтып, «прокуратурага [ыйгарым укуктарына] тергөө киргенден кийин ажыдаарга айланып кетишти» деген. Токторбаев башкы прокурор Курманкул Зулушевди парламентке чакырып, «керек болсо ал кишинин да ишмердигин караш керек» деп кошумчалаган.
Укуругу кыйла узун Башкы прокуратура
Башкы прокуратура 2021-жылдын 5-майында жаңы Конституция кабыл алынганда кылмыштарды тергөө укугуна ээ болгон. Андан соң Башкы прокуратура Жазык жана Жазык-проццессуалдык Кодекстерге жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, аларды Негизги мыйзам менен шайкеш келтирүүнү сунуштаган.
2021-жылдын 1-декабрынан тартып өзгөртүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн Башкы прокуратура өзү демилгелеген жаңы Жазык кодекси күчүнө кирген.
Прокуратура тергөө функциясын кайтарып алуу менен ыйгарым укуктарын кеңейтип алгандыктан юристтердин сынына кабылган.
Мындан тышкары, адвокаттар күч түзүмдөрүнүн укуругун кыйла эле узун кылган «коркунучтарга» көңүл бурушкан. Алар иш тоталитардык коркунучтуу ыкмаларга кайтууга бурулуп бара жатат, Башкы прокуратура КЖКнын долбооруна 1997-жылдын кодекстеринен ченемдерди киргизүүдө, ал жерде коррупциянын элементтери бар жана адам укуктары аз корголгон деп кооптонушкан.
Юристтер Башкы прокуратураны кодекстерди жашыруун жана сыр кылып иштеп чыкканы үчүн да сындашкан. Жумушчу топтун [мыйзам долбоорун иштеп чыккан] 70%ы «укук коргоо түзүмдөрү менен тыгыз байланышта болгон» күч кызматкерлери менен мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган. Ал түгүл жыйындарга «талкууланып жаткан маселелерди туура эмес түшүнүп алышат» деп журналисттерди да катыштырбай коюшкан.