Улуттук банк: «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тартуу директоруна карата санкцияларга байланыштуу

Болжолдуу 10 кыргыз коммерциялык банктары кезектеги санкцияларга кабылып калбаш үчүн Орусиянын «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тартты. Бул тууралуу «Ишеним» фракциясынын жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирди.

«Сентябрда санкциялар чыккан. АКШнын Финансы министрлиги Владимир Комлев мырзага — “Мир” картасын чыгарган процессинг борборунун төрагасына санкция салган. Биздин банктарга таасир этип калбасын, кезекки санкцияларга кабылып калбайлы деп 9-10 банк “Мир” карталары менен операцияларды жүргүзүүнү чектөө чечимин кабыл алышты», — деди ал.

Куленбеков Улуттук банк коммерциялык банктарга «Мир» карталары менен иштөөнү уланткыла же улантпагыла деп көрсөтмө бербегенин кошумчалады.

«Банктар өз алдынча чечим кабыл алышат. Банктар бул өздөрүнүн корреспондеттик эсептерине таасир этип калат деп коркунучка кабылышат. Алардын чет өлкөлөрдөгү эсептерине чектөөлөр болушу мүмкүн. Ушундан улам банктын өзүнүн ишмердүүлүгү чектелип калышы ыктымал. Экинчи жагынан, Орусиядагы мигранттарыбызды да ойлошубуз керек. Башка банктар тобокелдиктерден чыгуунун жолун табууда. Санкциялар төмөнкүдөй киргизилген: санкция салынган адам менен байланышы бар жаңы контаркттарды түзүүдө жана ишмердүүлүктү кеңейтүүдө экинчи жолу санкциялар салынышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир банк өзү чечет. Алардын жарымы чектөө киргизди, калган жарымы киргизген жок», — деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

«Интерфакс» басылмасы 21-сентябрда Кыргызстандын банктар союзу жана кредиттик уюмдардын call-борборлоруна таянып, банктар «Мир» карталары менен иштөөчү улантып жатканын билдирген.

Ал арада Кыргызстандын айрым банктары «Мир» карталары менен кызматташуудан баш тартышкан: «Кыргызстан», «Бакай банк», «Дос-Кредобанк», «Компаньон», «Банк Азия», KICB, «Бай-Түшүм», «Оптима банк», «Капитал банк», «Демир банк», ошондой эле мамлекеттик «Айыл Банк».

Сентябрдын орто ченинде АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын «Мир» карталарынын оператору эсептелген Улуттук төлөм карталар системасы менен иштешүү үчүн кезектеги санкциялар каралганын эскерткен. Мекемеден Улуттук төлөм карталар системасы менен келишим түзгөн финансылык уюмдар «Орусиянын АКШ тарабынан салынган санкцияларын буйтап өтүү аракетинде колдоо көрсөтүп жатат» деп эсептелинип калышы мүмкүн деп белгилеген. Ошол эле кезде түшүндүрмөдө Орусиянын Улуттук төлөм карталар системасы өзү санкцияга алынбаганы айтылган.

ткен менен түшүндүрмө жарыяланган күнү аталган системанын башкы директору Владимир Комлев АКШнын Финансы министрлигинин санкциясына алынган. Орусияга карата санкциялар Украинага ири алкакта кол салганына жооп иретинде киргизилген. Андан кийин эле дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөр «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тарта башташкан.