Министрлер кабинети энергетикалык тармакты колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алып жатат. Каражат көмүр, газ жана Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоого жумшалат.
«50 млн доллардын 35 млн доллары — насыя, жарымы — грант. Насыя минкабдын антикризисттик планын колдоого багытталган. Насыя банктын талабына жана шартына ылайык 24 жылга алынат: анын 8 жылы бир пайыз менен, калган 16 жылы — жылдыгы 1,5 пайыз менен төлөнөт», — деди финансы министринин орун басары Руслан Татиков.
Депутат Нуржигит Кадырбеков маселени башка жолдор менен чечүү керек деп жооп берди. Ал кредит алып маселе чечиш ар кимдин эле колунан келет деп белгиледи.
«Карыз сурап эле келе жатасыңар. Кыргызстандын көбү көл — баары билет Түркмөнстан менен Казакстандын көбү — чөл. Эмне үчүн ал жактан импорттобуз? Эмне үчүн энергетиканы ал жактан алабыз? Канча жылга алып жатабыз [кредитти?] Сиз министрдин жаш орун басарысыз. 24 жылдан кийин канча жашта болосуз? [...] Бул жерде бизнесмендер бар, алар да кредит алат, бирок ою, планы конкреттүү да, эртең же бирсүгүнү төлөйм деп. Сиз экөөбүздө андай сезим жок да. Азыр алып коё берели, кийинкилер төлөйт деген эле сезим алып жатабыз да, эч кыжаалатчылыгы жок. Кредит албагандын жолун издеп көрөлүчү», — деп сунуштады депутат.
«Көмүрдүн камы жетиштүү» жана башка убадалар
Энергетика министрлигинин башчысы Таалайбек Ибраев октябрь айында эле көмүрдүн камы жаңы жылга чейин жетет, эч ким кам санабай эле койсо болот деп ишендирген. Анын айтымында, быйылкы жылытуу мезгилине 9 млрд сом каралган.
Жаңы жылга барып, аткаминердин айтымында, бийлик Казакстандан кошумча дагы 400 миң тонна көмүр сатып алууну каалайт. Ошол убакта бул чечимге депутат Дастан Бекешев нааразылыгын билдирген.
«Эми укмуш долбоорлорубуз бар экен. Бишкек ЖЭБине 400 миң тонна жергиликтүү көмүр жеткирмекпиз. Бирок андай болбой калды. Жылытуу мезгилине аз эле убакыт калды, а биз болсо коңшуларбыздан көмүр издеп жүрөбүз. Көлөмүн элестетип жатасыңарбы? 400 миң тонна?» — деп жазган депутат.
Буга Ибраев Кара-Кечеден көмүр алуунун чыгымы казактын катуу отунуна караганда жогору болуп кетет деп жооп берген.
«Бишкек ЖЭБнин эки блогу бар — жаңысы жана эскиси. Жаңысы Кара-Кече көмүрүнө ылайыкталып салынган. Ал эми эски блок 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет, ал Казакстандын Караганда көмүрүнө ылайыкталган. Эгер экономикалык жактан карасак, Кара-Кеченин көмүрүн эски от казанда жага турган болсок, анда бизде чыгым көп болот. Тагыраагы, кошумча газ жана мазут колдонушубуз керек болот. Ошондуктан казак көмүрүн сатып алып, эски от казанда жакканыбыз үнөмдүү болот», — деген Ибраев.
Сүрөттүн булагы: Sputnik.kg