Эмне үчүн Ташкент Москвага сыртын салууда? Путин менен жакындашуу Жапаровго жардам береби?

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

9-декабрда ЕАЭБдин Бишкектеги саммитине катышуу үчүн Владимир Путин келди. Саммитте Кыргызстандын төрагалык кылуусу Кремль үчүн ийгиликтүү кокустук болгонсуйт: Казакстан менен Армениянын демаршынын шартында, Москвага ылым санаган жалгыз кыргыз өлкөсү болууда. Ал аз келгенсип, Кыргызстандын бийлиги Орусиянын саясий айдыңды тазалоого жана жарандык коом институттарын жок кылууга багытталган автократиялык мыйзамдарын жана тажрыйбаларын ынтызарлык менен көчүрүүдө.

Бул Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин тиреги болот, ал эми Москваны карап түздөнүү — Садыр Жапаровду коргоп калат дегенди билдирбейт дейт Carnegie Endowment for International Peace уюмунун өкүлү, Борбор Азия боюнча эксперт Темур Умаров.

Темур Умаров

— Кыргызстан обочодо калган Орусия үчүн табылгадай көрүнөт. Орусчул маанайдагы жарандардын болушу, Орусиядан келген акча которуулардан, насыя жана күйүүчү май жеткирүүдөгү көз карандылык, өлкөдөгү күч алган авторитаризмден улам эл аралык институттар менен мамиленин солгундашы… Кремль Кыргызстанды Борбор Азиядагы башкы союздашына айлантабы?

— Чындап эле, акыркы кезде Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси жанданып, жакындашканы байкалууда. Бул аймактагы башка өлкөлөрдүн саясатына карама-каршы жүрүүдө: Казакстан менен Өзбекстанга салыштырганда, Кыргызстан өтө эле бейтарап, атүгүл орусиячыл өлкөдөй болуп көрүнөт. Бул чындап эле Кыргызстан Орусиянын бул аймактагы таасиринин негизги коргоочусу болуп жаткан абалды эске салат. Бирок мындай стратегия чоң суроолорду жаратат.

Орусиянын көз карашынан алганда, Путиндин иш сапарларына жараша баалай турган болсок, Кыргызстан Москванын тышкы саясатындагы анчейин артыкчылыктуу эмес багыттай. Путин Кыргызстандан Борбордук Азиянын башка бардык өлкөлөрүндө барды, эми акыры Бишкекке келип отурат.

Анан калса, ЕАЭБге төрагалык кылуу Кыргызстанга көп деле ыйгарым укуктарды бербейт. Ооба, төрагалык кылган өлкөгө пайдалуураак демилгелерди сунуштай алат. Бирок чечим кабыл алууда уюмга мүчө болгон жети өлкөнүн, биринчи кезекте Казакстан менен Орусиянын жактыруусу зарыл. Ошондуктан, төралык кылганы менен Бишкекте көп деле мүмкүнчүлүк болбойт деп ойлойм.

— Москвага ыктоо Ташиев менен Жапаровго бийликте кармалууга жардам береби?

— Кыргызстандын тарыхы көрсөткөндөй, бул дайыма эле жардам бере бербейт. Атамбаев өзүн Москвага кыйла лоялдуу саясатчы деп саначу, бирок бул ага Жээнбеков менен болгон кармашта жардам бере алган жок. Ооба, Путин жеке учагын жөнөтүп, Атамбаевди Москвага алдырып арыз-арманын укту, бирок бул жаңжалдан четте болууну тандаган. Жээнбеков деле улутчул да, антиорусиячыл да саясатчыдай көрүнгөн эмес — бирок ал деле бийлигин сактап кала алган жок.

Кыргызстандагы айрым бир элиталар аралык чыр чыкканда Москва дайыма бейтарап болууну тандайт. Анткени, ич ара чыр кантип аякташын эч качан биле албайсың. Келечекте Жапаровду да ушундай эле абал күтүшү мүмкүн, эгер анын позициясы тайсалдай баштаса Москва ага түздөн түз болушпайт.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 27-майдагы отуруму (ЖЕЭК). Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

— Ташиев менен Жапаров бийликти кандай жол менен болсо да сактап калуу үчүн Кыргызстанды «Белорус №2» кылып, Москвага атянып эл аралык өнүктүрүү институттары менен мамилесин үзүп коюучу сценарий болушу мүмкүнбү?

— Бул сценарий Кыргызстан үчүн төп келбейт деп ойлойм. Белоруста бийлик бир кишинин — Александр Лукашенконун колуна топтолгон. Ал авторитардык режимдин бекем орногон борбору, муну баары түшүнүп турат: Москва дагы, Европа өлкөлөрү дагы.

2020-жылдын августуна чейин Лукашенко Орусия менен Батыштын ортосунда чеберчилик менен ойноп, эки жактын эбин таап келген. Бир тарапка бирди, экинчисине башканы убадалап, натыйжада бир да убадасын аткарган эмес. Биз анын Орусия менен максималдуу жакындашканын 2020-жылдын августунан кийин, анын өлкөдөгү позициясы кескин начарлап, система мына-мына кыйрат деп турганда байкадык.

Кыргызстанда андай эмес. Бул жерде бардык бийлик абсолюттуу түрдө бир кишинин колунда деп айтууга өтө эрте. Ошондуктан Батышка да, Орусияга да Жапаровго катуу ишенип, бардык үмүтүн ага артуудан майнап жок.

Батышта Жапаров айтып жаткан кепилдиктер менен убадалар түккө турбасын жакшы түшүнүшөт. Бүгүн ал бийликте, шарттуу түрдө айтсак, бир жылдан кийин өлкөдө таптакыр башкача болуп кетиши ыктымал. Анда Жапаровдун поцизиясы таптакыр башкача болушу мүмкүн. Азырынча ал бийликти узакка жана туруктуу сактап кармап калаарын эч кимге далилдей элек.

— Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ЕАЭБдин Бишкекте өтө турган саммитине келбей калды. Саммитин алдында Өзбекстан менен Казакстандын жаңы союзуна Орусияны үчүнчү кылып кошуп алуу тууралуу Путиндин суранычын четке какты. Кыязы, Өзбекстандын лидери Путинден оолак болууга аракет кылып жаткандай.

— Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы «газ боюнча» союзга үчүнчү мүчө өлкө болуп кошулуу идеясы Орусиянын Борбордук Азиянын гана ичиндеги интеграциялык долбоорго кезектеги жолу кийлигишип, аны өзүнүкү кылуу аракетиндей сезилет.

Менин оюмча, Өзбекстан кайра эле эски капканга түшүүдөн чочулап, мындай аракеттердин баарынан качып жатат деп ойлойм. Айрыкча, мындай союз азыр Өзбекстан менен Казакстанда болуп жаткан энергетикалык кризистерге карабастан, борборазиялык өлкөлөргө караганда, Москвага көбүрөөк керек.

— Муну Ташкендин ЕАЭБге болгон кызыгуусу төмөндөгөнүнүн белгиси катары карасак болобу?

—Менимче ЕАЭБдин ансыз деле жаназасына аз калды. Согушка чейин Ташкен бул союзга кошуларына ишенимдүү элем. Бирок ЕАЭБ учурда канчалык пайдасы жок инструмент экенин, канчалык «обочолонгон» уюм экенин эске алганда — Өзбекстан бул узак мөөнөттүү кризиске бараткан уюмга мүчө болгосу келбейт деп ойлойм.

Ошондуктан, ооба, муну Москвадан оолактоо аракети катары караса болот. ЕАЭБге кошулуу өлкөнүн инвестициялык дараметине сокку уруп, Батыш менен мамилесине доо кетирмек. Согушка чейин Өзбекстан уюмга кирүү тууралуу ойлонуп жатканда, Дүйнөлүк соода уюму менен АКШ бул кадам өлкөнүн Дүйнөлү соода уюмуна кирүүсүнө тоскоолдук болорун так кесе айткан.

Эми баары өз ордуна келди, ЕАЭБдин күнү бүттү. Бирок бул Өзбекстан менен Орусиянын ортосунданы эки тараптуу мамилелердин активдүүлүгү төмөндөйт дегендик эмес. Бул жаатта эки өлкө жакын жана тыгыз кызматташууну улантат деп ойлойм.