Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалисттери аныкталды

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын жарым финалисттери аныкталды.

11-ноябрга караган түнү Марокко курама командасы Португалияны 1:0 эсебинде сенсациялык түрдө жеңип алды. Беттеште жалгыз голду чабуулчу Юсеф Эн-Несири оюндун 42-мүнөтүндө португалиялыктардын коргонуудагы катасынан пайдаланып киргизди.

Марокко Дүйнө чемпионатында алдыңкы төрттүккө кирген тарыхтагы биринчи африкалык команда болуп калды.

Ошондой эле, Франция Англияны 2-1 эсебинде жеңди. Биринчи болуп француздар гол киргизишти. Оюндун 17-мүнөтүндө жарым коргоочу Аурельен Тчуамени англиялык дарбазачы Жордан Пикфорддун дарбазасына алыстан сокку урду. Ал эми Англиянын капитаны Харри Кейн 54-мүнөттө пенальтиде эсепти теңеди.

Ал эми 78-мүнөттө чабуулчу Оливье Жиру капталдан чыгарылган топту Пикфорддун дарбазасына багыттап, акыркы эсепти койду. 84-мүнөттө англиялыктар экинчи ирет пенальтиде эсепти теңдей алышмак, бирок Кейндин соккусу дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.

14-декабрдагы жарым финалдык оюнда Хорватия Аргентина менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы менен саат 01:00дө башталат. Ал эми 15-декабрда Франция менен Марокко оюн өткөрөт.

Тема боюнча:

Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты башталды