Дүйнө жүзү жатка билген ырлар, китептер же болбосо кино тасмалар бар. Мисалы Гарри Поттер тууралуу романдардын сериясы жана көркөм фильмдер — миллиондогон балдар ушул фильм менен бирге чоңойду. Андагы окуялар жер шарынын жашоочуларынын баарын бириктирип турат.

Бирок кыргыз тилин гана билгендер үчүн бул фантастикалык романды окуп чыгуу же фильмди көрүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок. Анткени китептер жана фильмдер кыргызчага которула элек, болсо да жеткиликтүү эмес.

Мындай көрүнүш жалпы көркөм адабиятка тиешелүү. Бишкектеги эң ири китеп дүкөндөрдөгү кыргыз тилинде басылган китептердин үлүшү 5%дан ашпайт.

Интернет колдонуучулары дүйнөлүк желеде билим алуудан тартып көңүл ачууга чейин, абдан көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон. Бирок англис же орус тилин билбеген кыргызстандыктар үчүн андагы көп эшиктер жабык. Кыргыз тилиндеги маалыматтар интернетте өтө эле аз.

Мунун баары билим алууга да таасирин тийгизет. Расмий маалыматтарга таянсак, 2015-жылдан бери өлкөдө жалпы республикалык тестти кыргыз тилинде тапшырган окуучулар орус тилдүүлөргө караганда, орто эсеп менен 12 упайга аз алышкан.

Демек, бир гана мамлекеттик тилде сүйлөгөн кыргызстандыктар үчүн билим алууга, көп акча табууга жана жашоо деңгээлин жогорулатууга болгон мүмкүнчүлүктөр азыраак.

Интернеттеги маалыматтын жарымынан көбү англис тилинде. Англис тилин билсеңиз дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алсаңыз болот — аралыктан болсо дагы! Дагы бир мисал, англис тилин билсеңиз эл аралык уюмдарга жумушка орношуу оңой жана саякаттоого жол ачылат.

Бирок бир гана кыргыз тилинде сүйлөгөндөр үчүн англис тилин үйрөнүү да татаал. Кыргызстандагы тил үйрөтүүчү курстардын көпчүлүгү орус тилинде окутат.

Мындай абалды жакшы билгендиктен, биз «Окутул» деп аталган (ПлейМаркетте колдонмо «GigaTurnip» деп аталат) платформаны иштеп чыгууну чечтик.

Платформада кыргызча сүйлөгөндөр үчүн англис тилин үйрөтүлөт. Ал үчүн сизде телефон, интернет жана тил үйрөнөм деген умтулуу гана болушу керек. Каалаган жерде, ыңгайлуу болгон убакта тил үйрөнүүгө киришсеңиз болот.

«Окутул» — бул уникалдуу платформа. Анын бир нече себеби бар:

  • англис тилин өздөштүрүү үчүн кыргызча сүйлөсөңүз жетиштүү — орус тилин билүүнүн кажети жок;
  • Тилди оңой жана батыраак түшүнүү үчүн угуу жана окуу тесттери бар;
  • Англис тилинин грамматикасы жөнөкөй, жалпак тилде түшүндүрүлөт;
  • Колдонуучулар англис тилинде көп колдонулган сөздөрдү мемдер аркылуу үйрөнө алат.

Окутуу программасы жети дэңгээлге бөлүнгөн: алфавиттен баштап, иш кагаздарын жана академиялык эсселерди жазууга чейин.

Окуу платформасын кантип колдонуу керек?

Сиз жөн гана «GigaTurnip» (Ринат Тухватшин) тиркемесин Play Market же жакында App Store`дон көчүрүп аласыз. Ыңгайлуу болсо мобилдик телефон же ноутбук аркылуу веб-баракчаны ачып, каалаган убакта окууну баштасаңыз болот.

Окутуу жана тиркеме боюнча суроолор пайда болсо бул бул телеграм каналга кошулуп же +996 554 594 294 (Whatsapp, Telegram) номери аркылуу байланышка чыгыңыз.

«Окутул» менен тил үйрөнүү азыр толугу менен акысыз. Келечекте анда символикалуу акы төлөнгөн функциялар пайда болушу мүмкүн. Андыктан биз менен бирге англис тилин үйрөнүүнү азыр баштаңыз!