Абактагы аялдар ачкачылык үчүн жоопкерчиликти президент менен Ташиевге жүктөштү

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова, активист Перизат Суранова, укук коргоочу Рита Карасартова жана экс-депутат Орозайым Нарматова ачкачылыктын мүмкүн болуучу кесепеттери үчүн жоопкерчиликти президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөнүн билдиришти.

«Ачкачылыктын мүмкүн болуучу кесепеттери үчүн президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана алардын мыйзамсыз буйруктарын унчукпай аткарган тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жооптуу деп эсептейбиз», — деп айтылат алардын кайрылуусунда.

Камактагылардын айтымында, алардын ачкачылык жарыялоосуна «Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин кеңири чөйрөсүнө карата жасалган массалык саясий репрессиялар жана аларга карата негизсиз кылмыш иштерин козгоо, адилетсиздик жана мыйзамсыздык» себеп.

Алар тергөө сөз, биригүү жана тынч чогулуштарды өткөрүү боюнча мыйзамдуу укуктарынын ишке ашырылышын кылмыштуу аракет катары таанып жатканын жазышты.

Ошондой эле активисттер соттун чечими менен 20-февралга чейин ТИЗОдо калтырылганын, болбосо тергөө органдары алар кармалган күндөн бери тергөө амалдарын башташа электигин белгилешти.

«Кыргызстандын жетекчилиги биздин укуктарыбыз менен эркиндигибизди басмырлоого, саясий оппозицияны куугунтуктоо менен Кыргыз мамлекетинин демократиялык негиздерин системдүү түрдө талкалап жатканын, биздин республикада президенттик авторитаризм эле орноп калбастан, анын эң жаман көрүнүшү – террористик ыкмаларга таянган залимдик формасы орун алууда. Ал эми бүгүнкү күндө биз, Кыргызстандын саясий туткун айымдары, жеке укуктарыбыз жана эркиндиктерибиз гана эмес, жалпыга таандык демократиялык баалуулуктар жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн күрөшүүнүн жалгыз, акыркы мүмкүнчүлүгү катары ачкачылык жарыялоону гана көрүп жатабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Биринчи май райондук соту 13-декабрда Сооронкулова, Суранова, Карасартова жана Нарматованы 20-февралга чейин камакта калтырган. Ошол эле күнү кармалгандар ачкачылык жарыялай турганын билдиришкен. Аларга 20-февралга чейин камакта калтырылган экс-депутат Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жана активист Улукбек Маматаев да кошулган.

Кемпир-Абад иши боюнча дагы кимдер ТИЗОдо калтырылган?

Сот Кемпир-Абад ишинин башка фигурантарын да камакта калтырууну чечкен. Алардын арасында БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясатчы Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Равшан Жээнбеков, активист Эрлан Бекчоро уулу жана блогер Атай Бейшенбек бар.

Биринчи май райондук соту 12-декабрда активисттер Акыл Айтбаев, Илгиз Шаменов, Чыңгыз Капаров, Айданбек Акматов, Али Шабдан, Айбек Бузурманкулов жана Марат Баязовду да ТИЗОдо калтырган.

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин ратификациялоо жөнүндөгү жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу тууралуу мыйзамга кол коюшкан.

Келишимге Садыр Жапаров 29-ноябрда, ал эми Шавхат Мирзиёев — 30-ноябрда кол койгон.

Эки өлкөнүн президенттери кол койгон документтерди талкуулоо Кыргызстанда ири чуулар менен коштолгон.