Парламент пенсиялык реформа тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Парламент депутаттары «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мыйзам долбоорун минкаб демилгелеген.

Пенсиялык реформа 11 пункттан турат. Мисалы, чиновниктердин сунушундагы пенсиянын базалык бөлүгү бардыгы үчүн бирдей, эмгек стажынан көз каранды эмес болот деген ченем 10-октябрдан баштап иштеп баштаган. Документке ылайык, негизги бөлүк 3 170 сом, ал эми буга чейин стажга жараша 702 сомдон 3 170 сомго чейин болуучу.

Чиновниктер пенсия курагы жогорулабайт деп убадалашкан. Бирок, сунушталган түзөтүүлөрдө «бюджетти үнөмдөө максатында» 2023-жылдан 2038-жылга чейин бардык жарандарга минималдуу камсыздандыруу стажын этап этап менен бир деңгээлге — 20 жылга көтөрүү сунушталууда. Ага ылайык, жарандын эмгек стажы 20 жылдан аз болсо, азыркы аз сумманы да албай калат дегендик.

Кимдин стажы жетпесе, пенсиялык эсебине жетпей жаткан суммадагы акчаны кошуп, же пенсия жашына жеткенден кийин да иштөөнү уланта берсе болот.

Андан тышкары, өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик кызматта иштеген аялдар үчүн пенсия жашы 58ден 60ка чейин көтөрүлөт. Депутат Дастан Бекешев бул пунктту «адилетсиз» деп, ал эми анын кесиптеши Сүйүнбек Өмүрзаков мындай үнөмдөө «пенсионерлердин укуктарын бузат» деди.

Орусиянын пенсиялык реформасы

Орусия — жакында эле пенсиялык реформа жүргүзгөн эң жакын өлкөлөрдүн бири. 2018-жылы президент Владимир Путин пенсия курагын (2028-жылга чейин) аялдар үчүн 55 жаштан 60 жашка чейин жана эркектер үчүн 60 жаштан 65 жашка чейин акырындык менен көтөрүүнү шарттаган мыйзамга кол койгон.

Реформанын зарылдыгын орус бийлиги өлкөдө төрөлүмдүүлүк азайып, өмүрдүн орточо узактыгы өскөнү менен түшүндүргөн. Орусиянын ошол убактагы премьер-министри Дмитрий Медведев өлкөдө эмгекке жарамдуу калктын үлүшү азайып жатканын, бул «мамлекеттин социалдык милдеттерди аткара албай калышына алып келиши мүмкүн» деп белгилеген.

Пенсиялык реформа Орусияда массалык нааразылыктардын чыгышына алып келген — нааразылык өлкөнүн 80ге чукул шаарын камтыган. Нааразылыкка чыккандар бийликтен реформаны бир аз жумшартуу талабын аткартышкан — алгач аялдардын пенсиялык курагын 8 жылга жогорулатууну каалашкан эле.

Пенсиялык реформа калктын орус бийлигине жана жеке президент Владимир Путинге болгон ишенимине таасир эткен. Реформа тууралуу буйрукка кол коюлгандан жарым жыл өткөн соң Медведев баштаган өкмөт отставкага кеткен.