Бишкектин экс-вице-мэри Абдылдаев миллиондогон каражатты уурдоого шектелип кармалды

УКМКнын басма сөз борбору Бишкектин мурдагы вице-мэри А.А.А миллиондогон каражатты уурдоого шектелип кармалды. Сөз Абдылдаев Алимбек Анарбекович туурасында болушу мүмкүн.

Маалыматта коррупция «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасында аныкталганы белгиленет.

Алсак, тергөө «Бишкексветтин» жетекчилиги 2019-жылдан 2021-жылга чейинки аралыкта ишкананын өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттарын такай мыйзамсыз чыгарып, өзүнө ыйгарып алып турганын аныктаган.

Өзгөчө, каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары жок чиновниктер ишкананын чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен «Бишкексветтин» имараттары менен курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөрүшкөн. Мындан тышкары, ишкананын 2,3 млн сомго жакын негизги каражатын (түтүн чыкчу морду) уурдоо фактысы аныкталган.

Аны менен катар 2016-2019-жылдары «Бишкекжылуулукэнергонун» жетекчилеринин уруксат документтерин берүү жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошуу боюнча мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында бюджетке 31 миллион сомго жакын зыян келтирилгени айтылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн убакта «Бишкекжылуулукэнерго» менен «Бишкексветти» Абылдаев жетектеп турган. Ошондой эле, 2020-жылы турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча Бишкектин вице-мэр болгон.

Басма сөз кызматтан вице-мэр УКМК ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалашты.