Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Эске салсак, мамлекет башчысы Катарга иш сапарын өлкө эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен жасоодо», – деп жазылат билдирүүдө.

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина менен Франция курамалары ойноп, Аргентина 4:2 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болду.

Садыр Жапаров Катарга 18-декабрда барган. Президенттин басма сөз кызматы Жапаров ал жакка «иш сапары менен кеткенин» билдирген. Ал арада Катар ЖМКсы Жапаров Катарга футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине конок катары чакырылганын жазган.

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Катардын эмири Жапаровду өлкөгө, анын ичинде Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык матчына жеке өзү чакырганын айтты. Султанбаев Жапаров Катарга «иш сапары менен барды» деп ишендирүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Иш сапар жана эмирдин чакыруусу». Жапаров Дүйнө чемпионатына конок катары барганбы?