Кыргызстан Түндүк —Түштүк унаа жолундагы таш кулоодон коргоочу система куруу үчүн Кытайдан 59 млн доллар грант алууну пландап жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 20-декабрдагы жыйынында кабарлады.
Текебаев каражат Түндүк — Түштүк жолунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн беш объектинин курулушуна жумшаларын айтты. Анын айтымында, «жол жээгине таш кулашы мүмкүн болгондуктан бул система керек».
«Түндүк — Түштүк жолунда беш объекти каралган. Жалпы баасы 59 млн доллар. Кытай Эл республикасы менен гранттык келишим даярдалып жатат. Алар макулдугун берди», — деди ведомствонун жетекчиси.
Маалым болгондой, таш кулашы мүмкүн болгон кичирээк тилкелер да бар — ал жердин коопсуздугу мамлекеттик бюджеттин эсебинен камсыз кылынат.
Альтернативдик жол жана насыялар
Татаал тоолуу ландшафтта салынып жаткан Түндүк — Түштүк трассасы — 433 чакырымдык автоунаа жолу өлкөнүн түндүк бөлүгүн (Балкычы шаары) түштүк бөлүгү (Жалал-Абад шаары) менен байланыштырышы керек. Алар Фергана тоо кыркалары менен бөлүнүп турат.
Буга чейин Кыргызстан Бишкектен Ошко алып баруучу Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна насыя алган. Жогорку Кеңеш 2013-жылы эле Кытай менен жол куруу боюнча насыялык келишимди колдогон. Курулуш иштери 2014-жылы башталган.
Курулуштун жалпы баасы 850 миллион АКШ долларын түзгөн жана мамлекет анын 400млн долларына жакын каражатты алган.
Эгерде Кыргызстан КЭРдин алдындагы карызын төлөй албай калса, дал ушул Түндүк — Түштүк унаа жолу Кытайга өтүп кетиши ыктымал.
2022-жылдын июнунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эгер Кыргызстан Кытайга болгон карызынан кутулбаса, өлкөнүн стратегиялык үч объектисин башкаруу укугунан ажырай турганын билдирген.
Анын айтымында, бул Бишкек ЖЭБи, «Түндүк — Түштүк» альтернативдик жолу жана «Датка-Кемин» электр өткөрүү линиялары.
Жапаровдун айтымында, 2023-2028-жылдар аралыгында Кыргызстан 400-460 млн доллар тышкы карызды төлөшү керек.
«Сырткы карыздын 50%ын Кытайдын “Эксим банкына” төлөйбүз. Мен эч кимди коркутпайм, бирок карызды төлөй албасак, Кытайдын Экспорт-импорттук банкы башкаруучу компанияны киргизип, ага стратегиялык объектилерибиз өтөт. Биз ушундай моюнга илинген жиптен кутулушубуз керек. Кудай сактасын деп отура бербей, баарыбыз бир туунун астында биригип, бир багытта иштешибиз керек! Көз карандысыздыгыбызды сактап калалы! Мен экономикалык көз-караштан алып караганда туруштук бере алабыз деп ишенем», — деп билдирген Жапаров.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 28-февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 119,15 млн долларды түзөт. Анын ичинен ички карыз 817,31 млн доллар болсо, тышкы карыз 4 млрд 301,84 млн долларга жеткен. 2022-жылдын июнь айымдагы маалыматка ылайык, мамлекеттин Кытайдан алган карызы — 1 млрд 794,1 млн долларды түзгөн.