«Кыргыз» товарлары сатылган Латвиядагы жыгач кампа. Сүрөт: Andrius Švitra / Siena

Кыргызстан Евробиримдиктин аймагына сатууга тыюу салынган беларус тактайын өзүнүкү деп экспорттоп жатат. Ал эми өлкөдө мындай тактай дээрлик жокко эсе. Мындан улам республика Батыштын экинчи сакциясына кабылышы мүмкүн. Ал эми экономикасы чакан өлкө муну көтөрө албай калышы ыктымал.

2022-жылы март айында Евробиримдик беларус жыгачын жана тактайларын импорттоого тыюу салган. Санциялар күчүнө кире баштаганда Казакстандан Евробиримдикке экспорттоо 74 эсе, ал эми Кыргызстандыкы — болжолу 18 миңге (!) өскөн.

Теги беларустук кыргызстандык фирмалар санкцияга кабылган продукцияны жасалма документ менен Евробиримдиктин аймагына түз жеткирүүнү сунуштап жатат. Журналисттер дал ушундай компаниядан үчөөнү аныкташты. Алардын бири пеллеттерди (күйүүчү май гранулдарын) «вагондоп» Европага жөнөтүү ниетинде турат.

Репортёрлордун эсеби боюнча, беларус тактайын Кыргызстан жана Казакстан аркылуу ЕБге кыйыр реэкспорт кылуу схемасы анын уюштуруучуларына 30 млн еврого жакын пайда берген. Бул бизнеске мурдагы беларус чиновниктери да кошулган.

Бул материал «Клооп», OCCRP, БРЦ (Беларусь) Siena (Литва), «Власти» (Казакстан), Re:Baltica (Латвия), Fundacja Reporterów (Польша) журналистери тарабынан даярдалды. «Клооп» материалдын кыскартылган версиясын, Кыргызстандын токой чарбасынын реалдуу абалы менен толуктап жарыялайт.

Бутагы Кыргызстанда, тамыры Беларуста

Европа санкция салганга чейин Белорустун жыгачын сатып алган ири кардар Литва болчу. Эми болсо Казакстан менен Кыргызстандан активдүү импорттоп жатат.

Журналисттер жыгач-тактайларды импорттоо боюнча Евростаттын маалыматтарын изилдеп чыгышкан. Беларус тактайына салынган күчүнө кирери менен Казакстандан ЕБге экспорт 74 эсе, ал эми Кыргызстандан — 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 18 миң эсе өскөн.


Кыргызстандан Евробиримдиктеги өлкөлөргө жыгач импорттоо (бажы коду 44). Булак: Евростат.
Булак: Евростат

Бул абдан таң калычтуу, себеби Кыргызстанда токой аз, ал түгүл өтө аз.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Токой чарба кызматынын 2020-жылга карата маалыматына ылайык, өлкөнүн жалпы токой аянты республиканын жалпы аянтынын 6%нан да ашпайт. Аны менен катар Кыргызстанда токойдун дээрлик бардыгы тоо беттеринде жайгашкан, ал жерде кыйылган токойду кайра калыбына келтире албайсың, ошондуктан республиканын Токой кодексине ылайык, ал жаратылыш коругу катары эсептелинет.

Кыргызстанда токой чарбасынын продукциялары ИДПнын болгону 0,4%ын түзгөнү таңгалыштуу эмес. Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянсак, өлкөдөгү жыгач даярдоонун көлөмү өтө эле аз. Мындан улам өлкөгө тактайдын 90%дан ашыгы башка өлкөлөрдөн, негизинен Орусиядан алып келинет.

Кыргызстандан башка өлкөлөргө өтө сейрек кездешкен, баалуу жыгач гана экспорттоо максатка ылайык. Мисалы, карагач. Бирок өлкөдө карагач деле өтө эле аз, ал негизинен кымбат эмеректерди жасоодо гана колдонулат.

Андан тышкары, 2021-жылдын декабрында президент Садыр Жапаров Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сырткары жыгач материалдарын экспорттоого тыюу салган. Ал эми 2022-жылдын августунда минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстандан жыгач жана токой материалдарын экспорттоого кошумча чектөөлөрдү киргизген.

Башкача айтканда, Кыргызстандан жыгач-тактайларды экспорттоого бир эле техникалык жана экономикалык себептерден улам эмес, дегеле экспорттого тыюу салынган. Ал эми экспорт 18 миң эсе өстү дегени — болбогон кеп.

Өлкөнүн Бажы кызматы эмне үчүн токой тыюуга карабастан, жок эле дегенде статистика ылайык, Кыргызстандан Европага экспорттолуп жатканы тууралуу комментарий берүү өтүнүч катына жооп берген жок.

Санкциялардан буйтап өтүүчү «сапат стандарттары»

Кыргызстан кантип Европага жыгач «жеткирип» жатат? Бул боюнча версия БИБ (Беларус иликтөө борборунун) редакциясына келип түшкөн билдирмеден улам белгилүү болду. Анда «Сапат стандарты» деп аталган белорустук жеке экспертиза борбору Евробиримдиктин товарларын Беларуска Кыргызстан аркылуу реэкспорт кылуу кызматын сунуштаганы белгилүү болду.

Товар алуучу кардар кейпин кийген журналисттер компаниянын менеджерине кайрылып, тескерисинче беларус жыгачын кыргызстандыкы деп кайра каттап, Европага жеткирүүгө болобу билип көрүшкөн.

Арадан бир канча күн өткөндөн кийин, «Сапат стандарты» борборунан байланышка чыгышып, «Сертификат КейДжи» фирмасы менен кызматташууну сунуштаган.

Булагы: «Сапат стандарт» фирмасы менен кардар катары кат алышуу

Бул компания жыгач-тактай өндүргөн беларус ишкерлерине продукциялары үчүн кыргыз документтерин алып берип, ЕБдин бажысынан өткөнгө жардам берет.

Булагы: «Сертификат КейДжи» фирмасы менен кардар катарында кат алышуу

«Сертификат КейДжинин» алгачкы кожоюндарынын бири — Олег Нарчук.

Булак: Osoo.kg

Ал мурда санкциялардан буйтап өтүүнү сунуштаган «Сапат стандарты» фирмасына ээлик кылгандардын бири болгон. Аталган фирманын сайтында ишкана 2011-жылы Беларустун Мамлекетик стандарт мекемесинин эки мурдагы кызматкери тарабынан түзүлгөнү белгиленет. Беларустун бирдиктүү реестринде компанияны негиздегендердин бири — Нарчук, а чынында ишкана 2014 жылы гана түптөлгөн.

Булак: Беларус Республикасынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри

Олег Нарчук быйыл күзүндө Маркетинг жана баалардын конъюктурасы улуттук борборунун вебинарына катышып, «Санкциялардын шартында Беларус Республикасына товарларды импорттоо» темасында талкуу жүргүзгөн.

Олег Нарчуктун Кыргызстанда, «Сертификат КейЖиден» тышкары, дагы бир нече компания менен байланышы болгон: «КСК Альянс», «Испытательный центр КСК Альянс» жана «КСК Торг».

Нарчук аны менен байланыштуу компаниялар санкциялардан буйтап өтүүгө жардам берерин четке кагууда. «Биз мыйзам боюнча гана иштейбиз. Эч бир документти жасалмалабайбыз», — деди ал. Ал эми санкцияларды буйтап өтүүгө байланышкан кызмат көрсөтүү сунушу боюнча бизнесмен, балким, кызматкер «кардарларды тартуу үчүн» ошентип жазгандыр деп жооп берди.

Санкция вагону

Олег Нарчук Беларус менен Кыргызстандын ортосунда бизнести жолго коюуну баштаган жалгыз ишкерлердин алгачкысы эмес.

Журналисттер жасалма документтер менен беларус продукциясын Европага жеткирип жаткан дагы үч компанияны аныкташты — «Агро Кейжи», «СК Гранд» жана «Адмит». Беларус иликтөө борборунун журналисттери кардар катарында алгач компаниянын өкүлдөрү менен байланышты. Сүйлөшүүдө компаниянын өкүлү «Агро Кейжи» мурда пеллеттерди Европага «фуралап» ташыса, азыр «вагондоп» ташып жатканын моюндады.

2022-жылы 2-августта — Евро Биримдик беларус токой продукцияларын импорттоого тыюу салгандан беш ай өткөндөн кийин — Бишкекте «Адмит» компаниясы пайда болгон.

Булак: Кыргызстандын Юстиция министрлигинин реестри

Өзүнүн потенциалдуу кардарларына фирма башка маалымат көрсөтөт: компаниянын сайтында беш ай мурда негизделген «Адмит» «жыл сайын» 40 миң тоннадан ашык жыгач калдыктарын кабыл алары жазылган.

Компания жыгач калдыктарын кайра иштетип, пеллет, брикет жана башка жыгач отундарды даярдайт. Кардар кейпин кийген журналисттер «Адмитке» байланышка чыгып, беларус пеллеттерин Европага жеткирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Компания муну ишке ашыра ала турганын тастыктаган: Кыргызстанда алардын өздөрүнүн өндүрүмү бар экенин айтып, өздөрүнүн продукциясы менен бирге беларустукуна дагы кыргыздын сертификаттарын жасап, Европага жөнөтө турганын айтышкан.

Сүрөт: Литванын бажысы

«Адмиттегилер» журналисттердин тапшырыгын январды этектеп гана кабыл алууга даяр болушкан, себеби ага чейин иш көлөмдөрү толуп калган. Ошондой эле компаниядан иликтөөчүлөргө аларда бажыда эч кандай көйгөй болбогонун айтып ишендиришкен, бирок жүктү Польша жана Латвия аркылуу ташып өткөн оң экенин, себеби литвалык бажычылар кыйкымчылыраак келерин эскертишкен.

Чындап эле, Борбор Азиядан жыгач продукцияларын алып келүүнүн көлөмү кескин өскөнүнө биринчилерден болуп Литва көңүл бурган. Жергиликтүү «Сиена» иликтөө порталына берген интервьюсунда Литванын бажы кызматынын өкүлү Вигантас Пайгозинас беларус же орус жыгачын бажыдан өткөрүүдө ал Казакстандан же Кыргызстандан келгени тууралуу декларация тапшырылат.

«Ачык жана талашкыс белгилер болот: таңгактардан табылган маркировкалар, товар баштапкы этапта декларация түзүлгөн өлкөдөн эмес, Беларус же Орусиядан чыгарылганын түз эле көрсөтүп коюучу документтердин кошумча топтому. Мындай учурлар бар, биз аларды каттап койгонбуз, аз эмес», — деди ал.

«Кимде ким бир учурда эки үстөлдө отурса, барына санкция салынат»

Журналисттер «Агро Кейджи» менен «Адмитке» Евробиримдикке тыюу салынган беларус продукцияларын жасалма документтер менен ташып жатабы деп расмий кайрылганда, компания бул маалыматты четке какты. «СК Гранд» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири санкциялардан буйтап өтүп товар ташуу тууралуу билбегенин айтып, тактап берем деп ишендирди.

Литвалык экономист жана улуттук банктын башкармалыгын төрагасынын орун басары Раймондас Куодис батыштын демократиялык мамлекеттери көмөктөшкөн өлкөлөрдү жазаламайын Орусия менен Беларус санкцияларды буйтап өтө берет деп эсептейт.

«Эки үстөлдө отургандардын баары жакшы балдардын тарабына өткөндөй кылыш керек. Ошондо жаман бала баарына каршы жалгыз калат. Бул иш тажрыйбасында эмнени билдирет? Мисалы, Нобель лауреаты Уильям Нордхаус эки үстөлдө отургандардын баарына каршы санкция салууну сунуштаган».

Орусияга санкциялардан айлантып өтүүгө катышканы үчүн Кыргызстан Батыштын экинчи санкциясына кабылуу тобокелчилиги бар экени бир канча жолу айтылды. Бул тууралуу августта Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш эскерткен. Ага чейин июлда АКШ Кыргызстанды санкция салынган товарларды ташыган өлкөлөрдү тизмесине киргизген.

JIA Бизнес ассоциациясынын мүчөсү Рысгүл Акимжанованын пикиринде, экинчи санкциянын салынышы өлкөнү каржылоого таасири тийиши мүмкүн. Анткени Кыргызстан эл аралык донорлордон көз каранды өлкө. Май айында экономист, Smart Business Solutions Central Asia компаниясынын директорунун орун басары Марат Мүсүралиев «Клоопко» курган маегинде, Кыргызстан Орусиянын Батыш менен болгон согушта бейтараптуулукту карманышы өтө маанилүү деген ойду айткан. Себеби «бизде бекем таяныч жок» деген ал.