Иллюстративдик сүрөт: Вера Андрианова «Клооп» үчүн.

«Клооптун» журналисттери Телеграмда Украинаны бастырып киргени үчүн Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүү үчүн орусиялыктарга кыргыз банктарынан эсеп ачуу кызматын сунуштаган чатты аныкташты — ага суроо талап өтө жогору. Чаттын ээлери ишеним каттын негизинде Кыргызстандагы банктардан Visa карталарын ачып, кийин Орусияга салып жиберишерин айтышат. Ал эми банктардан «андай болушу мүмкүн эмес» дешүүдө.

Март айынын башында — Украинага толук масштабдуу кол салуу башталгандан бир аптадан кийин Visa жана MasterCard төлөм системалары Орусияда ишмердүүлүгүн токтоткон. Орус жарандары чет элдик онлайн-кызматтардан пайдалана албай, онлайн-сатып алууларды ишке ашыра албай калышкан.

Андан кийин орусиялыктар жакынкы өлкөлөрдүн банктарынан карта алуунун жолдорун издей башташкан. Бул «карталык туризмге» өсүп жеткен. РБК маалымат агенттиги КМШ өлкөлөрүнүн борбордук банктарын талдап чыгып, апрель-июнь айларында карта чыгаруунун темпи өткөн жылга салыштырмалуу эки-үч эсе өскөн деген жыйынтыкка келген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 2022-жылдын тогуз айында эле Кыргызгызстанга жарым миллионго чукул орусиялык киргенин билдирген, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ал эми Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул убакыт аралыгында өлкөдө чыгарылган банктык карталардын саны үч эсеге өскөн.

«Клооп» тапкан телеграм канал орусиялыктарга алардын жардамы менен аралыктан туруп эле кыргыз банктарынын «виза» карталарын ала алышарын убадалап, Кыргызстанга келүүгө акча жана убакыт коротпой эле коюуну сунуштайт.

Почта аркылуу «виза»

@visa_kyrgizstan телеграм каналында 3,5 миң катталуучу бар. Каналдын администратору орусиялыктарга Украинага каршы согуштан улам салынган банктык санкцияларды буйтап өтүү кызматын сунуштайт.

Канал жакшы корголгон — анда катталуучуларды көрүүгө жана скриншот жасоого болбойт, ал эми чаттар тазаланып турат жана активдүү эмес катталуучулардын каттары өчүрүлөт.

Негизги каналда Кыргызстандын жана Казакстандын карталарына баалар, буйрутма кылуунун жана көрсөтүлүүчү кызматтардын, ошондой эле картаны андан ары колдонуунун жол-жобосу көрсөтүлгөн.

«Клооптун» журналисти өзүн буйрутма кылуучу катары тааныштырып, сатуучулар менен сүйлөшүп көрдү.

Каналдын администратору менен чаттагы жазышуулар

Ал дароо жооп берди, кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосун түшүндүрүп берип, карта буйрутма кылса боло турчу банктардын тизмеси менен да бөлүштү. Алардын арасында эки кыргыз банкы («Керемет» жана «Бакай»), эки казак банкы (Freedom жана «ЦентрКредит») бар. Кызматтын баасы — тандалган банкка жараша 35 миңден 55 миң рублге чейин болот.

Карта алуу үчүн орусиялыктар каналдын администраторуна нотариалдык ишеним кат жазып бериши (ишеним катты көрсөтүлгөн дарекке кадимки почта менен жиберүү керек), жалпы жарандык паспорттун маалыматтарын берип, кызматтын акысын төлөшү шарт.

Каналдын администратору менен чаттагы жазышуулар

Администратор кардарларга алардын документин алуу үчүн өзүнүн атын жана дарегин берип, бирок ишеним катты башка кишинин атына каттоону суранды*.

*«Клооп» администратордун аты-жөнүн Кыргызстандагы шайлоочулар тизмесинен да, юридикалык жактардын тизмесинен да таба алган жок. Ал ишеним катты каттоону суранган адамдын аты-жөнү медициналык академиянын студенттеринин биринин жеке маалыматтарына толугу менен дал келди.

Банктык картадан тышкары буйрутма берүүчүгө банктан смс-код алуу үчүн жергиликтүү активдүү сим-карта да убадаланат.

«Эркиндик жана көз карандысыздыктын ээлери»

Эгер каналдагы посттордун тарыхына ишене турган болсок, ал 2022-жылдын 3-июнунда пайда болгон. Башында канал «Керемет», KICB жана «Оптима» банктарынын карталарын сунуштаган. Бирок, администратордун жазгандарына караганда, аты аталган биринчи банктын карталары өзгөчө суроо-талапка ээ болгон. Каналда бул карталардын даяр болушу болгону бир күндү алары жазылган.

Каналдын лентасынан скриншот

Администратор анын жардамы менен алынды делген карталар тууралуу маал-маалы менен отчёт берип турат. Өз кардарларын ал «эркиндиктин жана көз карандысыздыктын ээлери» деп атайт. 4-июлда каналдын администритору анын жардамы менен орусиялыктар 200дөн ашык кыргыз Visa карталарын алганын жазган.

Кийинки күнү администратор «Керемет» банкы ишеним каттын негизинде карта берүүнү токтотконун билдирген.

Ошондон кийин канал бир топ убакытка чейин тынчып калган (бул учурда посттор чыгарылып, бирок кийин өчүрүлгөн болушу мүмкүн). Бирок, каналдын кардарлары үчүн ачылган чатта бул убакытта иш жүрүп турганын байкоого болот. Администраторлор орусиялыктарга улуттук төлөм системасындагы «Элкарт» карталарын каттай турганын жазышкан. Бирок кайсыл банк аркылуу экенин аныктоого мүмкүн болгон жок.

11-сентябрда канал кайрадан «Кереметтин», ошондой эле казакстандын карталарын сунуштай баштаган. Учурда канал активдүү иштеп жатат. «Кереметтин» карталары орусиялыктар үчүн эң эле арзаны — 35 миң рубль. «Бакай-банктын» карталары бир аз кымбат турат — 45 миң рубль. Бирок аларды алуу үчүн ишеним каттын кереги жок деп жазышкан каналда.

Банктар баарын четке кагууда

«Клооптун» журналисти менен сүйлөшүп жатып, аталган банктардан чет өлкөлүктөр башка жакта туруп алардын карталарын ала алышпай турганын айтышты. «Керемет» банктан Кыргызстанда каттоосу же жашай турган жери бар гана чет өлкөлүктөргө карта берилерин билдиришти.

«Эгер алар башка өлкөнүн аймагында болушса, бир эле ишеним каттын негизинде гана карта ача бербейбиз. Алар картаны Кыргызстанга киргендигин тастыктай турган документтер бар болгон учурда гана ишеним каттын негизинде ача алышат», — деп билдиришти банктын PR-бөлүмүнөн.

«Бакай банктан» болсо Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган башка өлкөнүн жарандары өздөрү гана келип карта ача ала турганын айтышты — компания «көптөн бери жада калса ишеним кат менен да карта бербей калган».

Ошол эле учурда, каналдын администратору чет өлкөлүктөргө кыргыз банктарынан ишеним каттын негизинде (же ансыз эле) карталарды каттаса болот деп ишендирүүдө.

Администратор менен 22-декабрда болгон жазышуунун скриншоту.

«Клооп» чатка жакында кошулгандардын арасынан карта сатып алгандарды таба алган жок — администратор чаттагы жазышууларды улам өчүрүп турат. Бирок күмөн санап жаткан бир нече киши бар — алар тааныш эмес кишиге өздөрүнүн жеке маалыматтарын жана ири суммадагы акчаны берүүдөн чочулап жаткандай.

Чаттагы катышуучу менен жазышуу

«Мени бул маселе кызыктырган, бирок мен шек санап бул каналдардын баарын өчүрүп салдым, себеби баары күмөндүү сезилди», — деп түшүндүрдү Наталья, аватарында үч триконун сүрөтү турган кыз.

«Мындай суммадагы акчаны төлөп эмне кереги бар? Казакстандагы тааныштарга ишеним кат менен каттасам деле болот», — дейт ал.

«Клооп» карап чыккан тайпа — телеграмдагы жалгыз тайпа эмес. «Visa Кыргызстан» деп жазып издесе, ушуга окшогон кызматтарды сунуштаган дагы бир нече каналды табууга болот.

Бул мыйзамдуу — бирок тобокелчиликтер бар

Арсланбек Кененбаев

Финансы маселелери боюнча адис Арсланбек Кененбаев телеграм каналдын администратору эч кандай мыйзам бузбаганын, ортомчулук кызматты гана көрсөтүп жатканын айтты.

«Бул баңги зат эмес, болгону агент менен почтачынын кызматтары: барды, документти банкка тапшырды, картаны алды, чыкты. Негизи дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө карталар ушундай жол менен берилип келет. [...] Бардык өлкөлөрдө банктар буга макул, аларга кардар керек», — дейт ал.

Ошондой эле, Кененбаев кыргыз банктарынын Visa жана Mastercard карталарына талап ушунчалык жогору болгондуктан, айрым банктар орусиялыктар үчүн өзүнчө бөлүмдөрдү ачышканын айтты. Башка банктар андан да ары өтүп, менежерлери «VIP-кардарлар» үчүн карталарды Орусияга чейин жеткирип беришет.

«Кээ бир банктарда киреше өткөн жылга салыштырмалуу 10 эсе өстү. Пайыздык кирешенин эсебинен эмес, дал мына ушул валюталык операциялар жана ыкчам кирешелердин эсебинен — ушул банктык карталар, накталай акча чыгаруулар, валюталарды конверттөө. Башкача айтканда банктар бул абалда “атайын операциянын” шартында өтө жакшы, ири акча иштеп алышты. [Айрымдарында] киреше — эки-үй миллиард сом болду — бул рекорд», — деди эксперт.

Ошол эле учурда Кененбаев Кыргызстан экинчи санкцияларга түшүп калуу тобокелдигине барып жатат деп белгиледи.

«[Украинаны колдоп жаткан батыш өлкөлөрү] Орусиянын өзгөчө активдүү экономикалык өнөктөштөрүнө карата да санкция салышы мүмкүн. Ошондуктан биз экинчи санкцияларга түшүп, чет өлкөлүк банктар биздин банктарды түрткүнчүк кылып коюу тобокелдиги бар. Анда өзүбүздүн төлөмдөрдү да аткаруу кыйын болуп калат», — деп божомолдоду ал.

Ал азыр башка өлкөлөрдөгү корреспондент-банктар Кыргызстандан жүргүзүлгөн төлөмдөрдөн «орусиянын изин» издеп, тыкыр текшере башташканын кошумчалады.

Материалды Мундузбек Калыков да жазышты.