
Кыргызстанда 26-декабрдан тарта өлкөнүн аймактарындагы мектептер ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, эгерде класстагы окуучулардын 20%нан көбү ден соолугуна байланыштуу окууга келбей жаткан болсо, мектептер кайрадан аралыктан окутууга өтөт.
Ал эми Бишкек шаарындагы мектептердин окуучулары 28-декабрга чейин аралыктан окушат.
Сасык тумоо күчөп, кырдаалдын татаалдашына жол бербөө максатында Кыргызстанда мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин аралыктан окууга өткөн.
Ал эми кышкы каникул быйыл мектептерде 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат.
Автору: Каным Кыдырова