Күндүн каты. Кемпир-Абад ишинин фигуранттары элди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

ТИЗО-1де отурган Кемпир-Абад ишинин фигуранттары кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты.

«Баарыңарды келе жаткан, жаңы 2023-жылыңар менен куттуктайбыз. Келе жаткан жыл экономикалык жактар оор болсо дагы, өлкөбүзгө адилеттүүлүктү, тынчтыкты жана элибиз көп жылдар бою күткөн өзгөрүүлөрдү алып келсин», — деп айтылат абактагылардын катында.

Алар 2023-жылда көзкарандысыз журналисттерди, эркин медиаларды жана активисттерди колдоого чакырышты, себеби тек гана алар «өлкөнү жакырчылыктан, жумушсуздуктан жана адилетсиздиктен сууруп чыга алган күч».

Кемпир-Абад ишинин фигуранттарынын каты. Сүрөт: Арча Медиа

Ошондой эле алар кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылда адилеттүүлүк жана саясий эркиндик үчүн күрөшүүгө да чакырышты.

«Биз баарыбыз сот адилеттүүлүгүн бийликтен, соттордон, Жогорку Кеңештен жана өкмөттөн талап кылууга милдеттүүбүз. Укуктук, соттук реформалардын жаңы программаларын иштеп чыгуубуз зарыл. Кемпир-Абадды коргоо комитетинин абактагы мүчөлөрү дагы бул багытта сунуштарды иштеп чыгат», — деп жазышты алар.

Жаңы жылды абактан тосуу

Кемпир-Абад ишинин фигуранттары экинчи инстанциядагы сот 26-27-декабрда аларды абакта калтырганына байланыштуу Жаңы жылды ТИЗОдо тосушат. Сот адвокаттардын ачкачылык жарыялагандардын ден-соолугу начарлап кеткени жөнүндөгү жүйөлөрүн эске албай койгон.

Учурда чечим 20 адам боюнча кабыл алынган, алардын арасында укук коргоочу Рита Карасартова, саясатчы Равшан Жээнбеков жана башка активист жана блогерлер бар.

Октябрдын аягында укук коргоо органдары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындап, аны коргоо боюнча комитет түзгөн 30 жакын саясатчы менен активисттерди кармаган.

ИИМ анда кармалгандар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатканын билдиришкен. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, декабрда баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Буга жооп кылып кармалгандардын 17си саясий ачкачылык жарыялашкан. Укук коргоочулар ТИЗОго иштин фигуранттарынан кабар алып чыгып, алардын кээ биринин акыбалы кооптондуруп жатканын билдиришкен. 28-декабрга карата Кемпир-Абад ишинин дээрлик бардык фигуранты 15 күн чыдап ачкачылыгын токтотушту.