Жаңы жылдын алдында «Клооп» башкалар сыяктуу нейротүйүнгө баш багып, жасалма интеллект аркылуу Кыргызстанга байланыштуу бир нече сүрөттү жасады.

Сүрөттөр бир чети таң калычтуу, бир чети баёо, күлкүлүү, кээде коркунучтуу чыкты.

Биз жети тема боюнча сурам түздүк: «Кыргызстан жөнүндө ыр», «Кыргыз тою», «Кыргыз мигранттары», «Кыргызстандын кийинки президенти», «Кыргыздардын башкы ханы», «Манас дүйнөнү сактайт», «Кыргызстандын улуулугу». Сурамдар англис тилинде даярдалган.

Сүрөттөр акысыз колдонуудагы эки нейротүйүн аркылуу жасалды. Алар акыркы убактарда популярдуу болуп аткан DALL-E жана көпчүлүккө жакшы белгилүү Stable Diffusion.

DALL-E менен бир мүчүлүштүк болду: биз акысыз аракеттердин саны чектелүү экенин унутуп, баарын «Кыргызстан жөнүндө ыр» деген сурамга гана жумшадык. Ошондуктан калганын Stable Diffusion’до жасаганга туура келди.

Анын өзгөчөлөгү жүздөрдү көрүү реалдуулугу масштабга жараша болгонунда. Портретке канчалык жакын болсо, адамдын жүзү ошончолук туура, пейзажга канчалык жакын болсо — ошончолук бурмаланат. Кээде «деталдаштырууга» жана «фотореалдуулукка» атайын кошулган сурамдар да жардам бербей калат. Андыктан, кээ бир адамдар сиздин эң жаман түшүнүздөгү каармандарга окшошуп калганы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз.

«Кыргыз тою»

Жалпысынан нейротүйүндүн Кыргызстан тууралуу элеси бүдөмүк десек болот. Бирок жасалма интеллект кыргыз тоолорун дээрлик дайыма так чагылдырат, калганын республика жөнүндө англис тилинде жеткиликтүү маалымат базанын негизинде сүрөттөйт. Ошондой эле сүрөттөрдү азиаттарга таандык деп элестеткен маданий элементтер менен кошумчалайт.

Мисалы, кыргыз тоюн жасалма интеллект Американын түпкү элинин тою катары элестетет. Биз палоо, манты, самса, эт жана башка дүйүм тамак-аштар коюлган узун дасторкондо кыргыз улуттук кийимдерин кийип отурган адамдарды көрсөтүүнү суранганбыз.

Бирок кайсыл бир уруу башчыларын алдык. Алардын бирөө мүштөк менен доширак кесмесин салууга аракет кылып жатат.

Дагы бир аракет — бул жолу да баш кийимдерине куштун канаттары сайылган, табактарына KFC’нин тооктору салынган адамдар чыкты. Бул аялдардын кыргыз аялдарына эч окшоштугу жок — тескерисинче, көз алдыбызда перулук аялдар.

Оо эми алдыбызга курсак эле эмес, көзүбүз да тоё турган палоо келди окшойт! Бирок бул жерде Кыргызстандын Кавказдан келген конокторунун артындагы чексиз мейкиндиги гана бар. Мейли, Илхам Алиев биздин жайлоого туулган күнүн тоскону келди деп эсептей берели:

Коноктор аз эмеспи? Жок, силер алдыдагыларды көргүлө да:

Бизди нейротүйүн адатынча Кыргызстандан башка жаккка алып кетти окшойт… Бул көбүнесе Румыниядагы гусарлардын үлпөт тоюна окшош.

Мейли, андан көрө ырдайлы.

«Кыргызстан жөнүндө ыр»

Эмесе, «ыр кезеги» DALL-E нейротүйүнүнө берилди. Ал салыштырмалуу жакшыраак деп эсептелинет: ага адамдын жүзүнүн пропорциясы сакталып, көзү ачык болушу керек деп көп деле эскертпейсиң. Бирок ал деле күлдүргөндү билет.

Бул сүрөттө абабыз, оң тарабындагы эки келгин кымызга мас болуп алгандай. Ал эми тигил эки келгин кимдер, каяктан келди деп сурабай эле койгула, биз билбейбиз.

Каармандарыбыз берилип, жан дүйнөсү менен ырдашууда:

Нейротүйүн аргымактарды унутпаганы да кубантант. Аргымактар көп, алардын жүрбөгөн жери жок, пегастай зымырып учуп, аткаруучуларга дем берип жатканы анык:

Тамгаларга көңүл бурбагыла — сүрөт тартканды гана үйрөнгөн нейротүйүндүн азырынча кат-сабаты жок. Анткени бул жерде жасалма интеллект «Coming Soon» деп айткысы келген сыяктанат.

Кыргызстан жөнүндө сурагыңыз келип, бирок сурагандан коркуп жаткандын баары:

Көргүлөчү, аттар дагы деле учуп жүргөнүн: 

Эмесе, ыр кесебизди чындап жакшы чыккан сүрөттөр менен жыйынтыктайлы. Аларды күлкүлүү дей албайбыз, жөн гана ойдогудай сүрөттөр:

Бул Бишкектин «панорамасынан» 12-кичи районду караган көрүнүш окшойт. Рэп-альбомдун сырткы сүрөтүнө жарай берет:

«Кыргыз мигранттары»

Курулуш менен байланышкан сюжеттер мигрантар боюнча дүйнөлүк сүрөт базаларында абдан көп. Stable Diffusion’дын бул темада фантазиясы жаман эмес. Бул аталган нейротүйүн үчүн тааныш сюжет экени көрүнүп турат. Бирок көз алдыбызда кыргызстандык эмес, кытайлык мигрант турат окшойт:

Мигранттар Жаңы жылды Кызыл аянтта тосуп жатышат. Жалпы айтканда жаман эмес, бирок кайра эле кайсыл бир (ошончосунан да бири-бирине оппокшош) боливиялыктарды же перулуктарды чыгарып коюптур:

Чоочун жердин жашоосунан кайгылуу көрүнүш. Бул жерде нейротүйүн маанилүү нерселерге жакшы көңүл бурган. Мисалы, боз пальто кийген байке аки ташка (же башка ак түстөгү курулуш материалына) кулаганы көрүнүп турат. 

Кафедеги чарчаган официанттар. Солдо отурган бала ак алжапкыч менен отурганы, оң жактагы баланын көйнөгү терден нымдашып калганы көрүнүп турат. Балким аларды администратор урушуп, арзыбаган акчага иштеп кереги барбы же жокпу деп отурган кербездери окшойт:

Кайрадан чарчоо — мигрант ижара төлөп жашаган тар батиринде жумуштан кийин жалгызсырап тамактанып отурат:

«Кыргызстандын кийинки президенти»

Нейротүйүндүн мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү бийликтин криминалдашканы тууралуу билгени бар окшойт. «The Next President of Kyrgyzstan» деп суратканыбыздан кийин чыккан сүрөттөрдү көрсөңүз бири экинчисинен кем калышпайт. Бирок сурамда эч бир тактоолор берилген эмес.

«Жаштыгымда эмне иш кылганымды сурабасаңар эле тирүү каласыңар»:

«Түшүнүктөр» менен жашаган дагы бир киши, ал аны кези келсе колдонууга дайым даяр:

Биздин фаворит, тренддин эң эле чынчыл жүзү. Эч бир популизмсиз — эмнеге добуш бергени дароо көрүнүп турат:

Бийликте аялдар азбы? Stable Diffusion’дын мыкты талапкери бар. Биз аял президентти көрсөткүлө деген эмеспиз, кокустук болуп кетти окшойт:

Бул айым кимге окшош экени белгисиз...Кимге экенин эстей албадык.

А бул болсо боорукер экени жүзүнөн эле көрүнүп турган президент. Жаркын келечекке үмүт берет:

«Кыргызстандын башкы ханы»

Чындыгында сурам «Chief Khan of Kyrgyzstan in Modern Time» деп тактап берилген. Бул тактоо жок түйүн Чыңгызхандын орто кылымдагы бир типтүү сүрөттөрүн чыгарып туруп алды. Тактоо аркылуу кызыктуу жыйынтыктарды алдык.

Мисалы мындай. Бул өкүмчүл көрүнгөн адамдын тропикалык жүзүндө Кыргызстан, Пакистан, Малайзия жана Индонезия айкалышкан. Балким чындап эле бизди качандыр бир убакта ушундай ойго келбеген союз күтүп тургандыр:

Ылдыйда биз Кытайдын триумфуна күбө болобуз. Келечекте андай болбойт деп кесе айтууга да болбойт:

«Кыргызстандын башкы ханы» тууралуу сурамга бир нече жолу жуп портрет чыкты. Бул деле Жапаров-Ташиев тандемине кыйытма сындуу көрүнөт:

Байыркы дегенге жалгыз багыттама. Эмнеси бар экен, жакты: 

«Кыргызстандын улуулугу»

Өтө ар башка пландагы жыйынтыктар. Мында көк бөрү сыяктуу байыркы салттуу оюндар же курултай дагы бар (Орусияныкына окшогон оң тараптагы байракты силер да байкадынарбы? Көрмөксөн болуп коёлу):

Улгайган байбиченин кыраакы күчү — мында Курманжан Датка эске келет:

Бишкектеги Ак үйгө окшош имаратты штурмга алуу. Ооба, элдин улуулугу мында да бар:

«Манас дүйнөнү сактайт»

Бул сурам эң татаал болуп чыкты. Нейротүйүнгө кыргыз эпосу эмне экенин түшүндүрүп гана чектелбей, багыт берүү үчүн Манастын эстелигинин сүрөтүн киргизүүгө туура келди. Көп деле жардамы тийген жок, бирок эпикалык сүрөттөр чыкты.

Тоо арасындагы сырдуу конуштар, Памирге окшоп кетет. Балким дүйнө «2012» фильминдегидей ушул тоолордун арасына барып сактанып жүрбөсүн?

Нейротүйүндүн Манас боюнча жыйынтыгы күтүүсүздөн феминисттик болуп чыкты. Биз байыркы доорду элестеткен аялдардын портреттеринен турган галереяны көрдүк:

Жалаң эле өткөн замандын көрүнүшү эмес, алардын бири шопер асынып жүрөт. Мүмкүн, ал келечектен келгендир. Супермаркеттен чыгып эле, эпоско түшүп калган чыгар:

Бирок Манас темасына, биздин пикирибизче, төмөнкү пейзаж туура келет. Ушуну менен жыйынтыктасак деле болчудай:

Жаңы жылың менен, Кыргызстан!