Декабрдын аягында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы 2023-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ун, нан жана данга болгон баа 15%га кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Тегирменчилер муну данды импорттоо жана аны кайра иштетүүгө берилген жеңилдетилген кошумча нарк салыгынын мөөнөтү 31-декабрда бүтүп жатканы менен байланыштырышты.
Минкаб кыргызстандыктарды тынчтандырууга шашып, бардык азык-түлүктү кошумча нарк салыгынан бошотуу каралып жатат деп билдирди. Бийлик такыр болбоду дегенде мамлекеттик резерв фондунда биринчи керектөөгө зарыл болгон азык-түлүктүн жетиштүү кору бар экенин белгиледи.
Анткен менен кыргызстандыктар 2022-жыл бою азык-түлүктүн кымбаттыгынан кыйналып келди. Биз кыргызстандыктар күнүгө жей турган азык-түлүктөрдү тандап алып, Улуттук статистикалык комитеттин баалар боюнча мониторингин* анализдеп көрдүк. Биздин анализ боюнча, азык-түлүккө болгон баалар жогору бойдон калууда.
*Улуттук статистикалык комитет өлкөдөгү жана атайын аймактардагы негизги азык-түлүктүн орточо чекене бааларына күнүгө мониторинг жүргүзүп, жарыялап турат.
Материалды чыгарар алдында Улуттук статистикалык комитеттин сайтынан 2022-жылдын 21-октябрына карата баалардын мониторингин алууга мүмкүн болду.
Анализ жүргүзүлгөн азык-түлүктүн ичинен 2022-жылы эң көп кумшекерге болгон баа көтөрүлгөн. Жыл башында бир килограммы 71 сом болсо, 21-октябрда анын баасы 93 сомго чыккан.
Эттин баасы да кымбаттаган. Жыл башында бир килограмм уйдун эти 482 сом болуп, октябрдын аягында 539 сомго жеткен.
Ысык-Ата районунун Нурманбет айылынын тургуну 70 жаштагы Замиркул ата баалар өскөндүктөн үй-бүлөсү эт жебей калганын айтат.
«Менин пенсиям 3708 сом болчу, азыр 600 сом кошулуптур. Бир балам үч миң сом, дагы бир майып уулум алты миң сом алат. Ошону менен оокат кылып атабыз. Тамак-аштан артпайт. Эл көргөндү көрүп атабыз, эт дегенди көрө элекпиз. Эптеп-септеп, кичине-кичине май-чай алып, үнөмдөп жатабыз», — деген ал октябрдын аягында «Азаттыкка» берген маегинде.
Баалар унга да өстү. Жогорку сорттогу бир килограмм ундун баасы январдан октябрдын аягына чейин 51 сомдон 63 сомго чыккан. Ал эми биринчи сорттогу ун бир жыл ичинде килограммына 10 сомго кымбаттаган.
Эмне үчүн азык-түлүктүн баасы кымбаттады?
«Азаттык» басылмасынын жыл башындагы маалыматына караганда, Кыргызстанда баалардын өсүшү 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан башталган. Анда көпчүлүк өлкөлөр чек араларын жаап салганына байланыштуу бир гана жүргүнчү агымы эле эмес, жүк ташуу да токтоп калган.
Кыргызстан импортко көз каранды өлкө болгондуктан, жеткирүүнүн азайышынан улам азык-түлүк тартыш боло баштаган. Бул баалардын өсүшүнө алып келген. Мындан тышкары, суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу азык-түлүктүн баасы көтөрүлгөн.
«Кризис болуп жаткандыктан жарандардын кошумча кирешелери токтоп калган. Мындан улам алар эң керектүү гана азыктарын алганга өткөн. Кафе-ресторанга, киного барганды, транспортту азайтып, кымбат кийимдерди албай турат. Бирок каатчылыкта анын баарын токтотот да, болгону тамак-ашка гана акча жумшап турат. Кымбат нерселердин ордун арзаныраак, негизги азыктар, картөшкө, пияз, кумшекер сыяктуу нерселер менен толуктап турат. Аны да жылда алгандан көбүрөөк ала баштайт. Натыйжада куду ушул товарларга суроо-талап көбөйөт да, алардын баасы өсүп кетет», — деп түшүндүргөн экономист Сейдалы Мырзакматов.
Ошондой эле бааларга пандемия маалындагы сомдун кунунун түшүшү жана доллардын өсүшү дагы таасир эткен. 2020-жылдын 1-январында доллардын расмий курсу 69,5 сом болсо, апрель айында 84 сомду түзүп калган.
Өлкөнүн экономикасына экинчи олуттуу сокку Орусиянын Украинага басып кириши болду. Орусияга каршы киргизилген көп сандагы санкциялардан улам рублдин курсу кескин төмөндөп, ал эми батыш өлкөлөрүнө таандык көптөгөн компаниялар өлкөдөн чыгып кеткен. Бул Орусияда көп сандагы азык-түлүктүн, техниканын, кийим-кеченин жана бут кийимге болгон баанын кескин кымбатташына алып келген.
Орусия — Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Улуттук банктын маалыматына ылайык, ал Кыргызстандын импортунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Ал жактан Кыргызстанга ири көлөмдө мунай зат, буудай, ун, эт жана жаныбарлардан алынган азыктар, темир, курулуш материалдары жана күнүмдүк турмушта колдонулган башка товарлар ташылып келет.
Март айында экономист Азамат Аттокуров «бул жагдай ошондо эле инфляцияга таасир этип, жакынкы жылдары өлкөдө кымбатчылык уланаарын» айткан.
Мындан улам апрель айында президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды белди бекем бууп, чыгашаларды карап чыгууга, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге калтырып, той өткөрбөөгө жана «акчаны жөнү жок коротпоого» чакырган.