Сүрөт: pressfoto / Freepik

Быйылкы жылы Кыргызстанда адабий чыгармалардан тарта өзүн өнүктүрүү, бала тарбиялоо жаатындагы чет тилинен которулган китептер басылып чыкты.

«Клооп» 2022-жылы жарык көргөн китептерден 10 чыгарманы тандап, ар бирин кыскача баяндады.

«1984» , Жорж Оруэлл

Жорж Оруэллдин 1949-жылы жарык көргөн «1984» дистопиялык шедеври XX кылымдын эң көп окулган жана эң таасирдүү чыгармаларынын бири. Ал доорлор алмашса да, тоталитардык режимди чагылдырган күзгү бойдон калууда.

Океанияда ар бир жарандын кылган иш-аракети, ал тургай ойлору да Улуу Аганын тынымсыз көзөмөлүндө болот. Партияга каршы ойлонуу — Ой кылмышы болуп саналат. Бул өлкөдө сынчыл ойлонууга, сүйүүгө, кыялданууга, эркиндикке жол жок. Бул жерде жашаган 39 жаштагы Уинстон Смит өзү сыяктуу ой жүгүрткөндөрдү издеп жүрүп Жулияга кезигип, аруу мүнөзүнө арбалып калат.

Экөө чогуу алар жек көргөн Партияга каршы күрөшкө аттанып, кандай шарт болбосун бири-бирине чыккынчылык кылбоого убада беришет. Чыгарманын соңунда экөөнүн тагдыры тоталитардык режимдин жүзүн айкын көрсөтүп берет.

Кыргызчага которгон — Адамата Алишеров.

«451° фаренгейт» , Рэй Брэдбери

«451° фаренгейт» дистопиялык илимий-фантастикалык романы 1953-жылы жарык көргөн. Анда китептерге тыюу салынган жакынкы келечектеги Америка коому сүрөттөлөт.

«Өрт койгучтардын» катарына кирген башкы каарман Гай Монтег китептердин баарын четинен өрттөп жок кылат. Романдын жүрүшүндө Монтег өзү мүчө болгон коомдун идеалдарынан көңүлү калганына байланыштуу андан четтеп, кийинки муундарга сактап калуу үчүн китептердин тексттерин жаттаган чакан подполдук топко кошулат. Китептин аталышы эпиграфта: «Фаренгейттин 451 градусу — кагаздын тутанган жана күйгөн температурасы», — деп түшүндүрүлөт.

Кыргызчага которгон — Адамата Алишеров.

«Дүйнө мектеби: билим берүүнү кайрадан ойлонуу» , Салман Хан

Бул китеп каалаган адамга, каалаган жерде дүйнөлүк деңгээлдеги жеткиликтүү акысыз билим берүү феноменин баяндайт.

Окуянын баары мурдагы инженер жана хедж-фонддун венчур капиталисти Салман Хандын математикадан кыйналган жээни Надяга онлайн сабак өтүшү менен башталат.

Бүгүнкү күндө миллиондогон окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер Хан Академиясынын акысыз видео сабактарын жана программаларын колдонушат.

Көптөгөн новаторлор сыяктуу эле Салман Хан дагы мугалимдерди лекциялардан жана мамлекеттин буйругу менен түзүлгөн план жана программалардан арылтуунун жолдорун ойлонууга түртөт.

Хан Академиясынын негиздөөчүсү технология менен билим берүүнү кантип айкалыштырып, адам факторун алдыңкы планга чыгаргандыгын айтып берет.

Кыргызчага которгон — Алтынай Токтоматова.

Китеп түрмөгү

Стив Жобс, Опра Уинфри, Иңвар Кампрад жана Фил Найттан эмнени үйрөнө алам?

Стив Жобс — атактуу Apple компаниясынын негиздөөчүсү. Бул кыялкеч адам ишкерликте да, маданият жаатында да өрнөк инсанга айланды. Ал эми бул сүрөттүү китеп анын өмүр жолун баяндап, кийинки муунга өздөрүнүн чыгармачылыгы жана талбас эмгеги менен дүйнөнү өзгөртө алууга ишеним тартуулайт. Китеп 6 жаштан жогору окурмандарга арналат.

Опра Уинфри — дүйнөдөгү эң ийгиликтүү жана таасирдүү аялдардын бири. Америкалык ток-шоунун алып баруучусу дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга шык берип келет. «Бүткүл медианын ханышасынын» бул сүрөттүү өмүр баяны жаңы муунга каалаган нерсеге жетүүгө болорун, кыялдануу, тынымсыз изденүү, өзүңө жана башкаларга болгон сый — ийгиликтин башаты экенин көрсөтүп, жаш окурмандын дүйнө таанымын жаңыча калыптандырат.

Иңвар Кампрад — белгилүү IKEA эмерек компаниясынын негиздөөчүсү, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү ишкерлердин бири. Ал эми бул китепте анын өмүр таржымалы, ийгилик сырлары баяндалат. Аталган биографиялык китеп жаш окурмандарга арналып, келечектин лидерлерин ар тараптуу, чечкиндүү жана эркин болууга шыктандырат.

Баарыбыз билгендей, Фил Найт — атактуу NIKE компаниясынын негиздөөчүсү. Ал спорт бут кийимин сергек жашоо образынын символуна айландырган көрөгөч киши. Ал эми бул китепте Филдин өрнөктүү жашоосу берилген.

Балдарга арналган бул котормо кыялдарды орундатууга, айлана менен эриш-аркак жашоого, чечкиндүү болууга шыктандырат.

Аталган китеп түрмөгү Асылбек Жоодонбеков, Жибек Кенжебаева, Нурболот Азамат жана Эрмек Шоруков тарабынан кыргызчаланган.

«Азиз мырзанын окуясы», Айфер Тунч

Аңгеменин башкы каарманы Азиз мырза адам баласына таандык алсыздык менен жаңылуунун курмандыгы болуп, бул өмүрдө бир келе турчу өмүрүн текке кетирет. Колундагы мүмкүнчүлүктөр кумга сиңген суудай жок болуп, турмушунда маанилүү чечимдерди кабыл алууда жаңылып калганын кеч түшүнөт.

Оомал-төкмөл дүйнөнүн телегейи тегиз эмес экени сүрөттөлгөн аңгемеде Азиз мырзанын образы өтө жогорку деңгээлдеги чеберчилик менен ачылгандыктан, окуп жаткан адамды көңүл кош калтырбайт.

Кыргызчага которгон — Урмат Нурсейит уулу.

«Маржан аралы» , Роберт Майкл Баллантайн

«Жебе» кемеси аскага урунуп сууга чөккөн кезде, кемедеги жүргүнчүлөрдүн арасынан үч жигит гана аман калат. Ошентип, Ральф Трамп, Жек Мартин жана Петеркин Гай аттуу үч жигит Тынч океандын боорундагы Маржан аралдарынын бирине чыгып, жашоолорун уланта башташат.

Алар күн өткөн сайын кызыктуу окуяларга туш болуп, жаңы ачылыштарга күбө болушат. Ал тургай жергиликтүү жапайы кишилер менен да кармашканга жетишишет. Бул китеп шотландиялык жазуучу Роберт Майкл Баллантайндын калемине таандык робинзонада жанрындагы эң белгилүү чыгармалардан болуп эсептелет.

Кыргызчага которгон — Тойчубек Сагындыков.

«Таяксыз тарбия», Адем Гүнеш

Жазалоо ыкмасы менен тарбия берүү баланын кийинки жашоосуна көптөгөн терс таасирлерди алып келет. Жазалоо бала тарбиялоонун ыкмасы эмес, кемсинтүү болуп саналат. Аны кемсинтпей, тескерисинче, өзүн баалуу сездирүү менен гана адам катары калыптанышын шарттай алабыз.

Белгилүү психолог жана педагог Адем Гүнеш «Таяксыз тарбия» китебинде балалыктан бойго жеткенге чейинки инсандын калыптанышын изилдеген. Мында ал зулум, мажбурлоо жана таяктоо баланын кулк-мүнөзүнө кандай таасир берээрин көрсөтөт. Ошондой эле бул китептин уландысы дагы бар.

Кыргызчага которгон — Канатбек Аманбаев.

Бул китептерди кайдан тапса болот?

Аталган китептерди Bookhouse, «Феномен», «Компас», «Данек», «Сонун го» китеп дүкөндөрүнөн сатып алсаңыз болот.