31-декабрь — жакшы көргөн жаңы жылдык жана башка ырлардын коштоосунда оливье салатын жасачу күн. Сиз азыртадан эле happy new year жана калган last christmas'тардан чарчасаңыз, «Клооп» топтогон жаңы жылдык ырлар түрмөгүн угуп көрүңүз.

Sia – Everyday is Christmas

«Асмашамда термелем» деген атактуу ырчы Сия 2017-жылы толугу менен Рождествого (Иса пайгамбардын туулган күнүнө) арналган альбом чыгарган.

Ariana Grande – Santa Tell Me

Ажарлуу Ариана Гранде Санта Клаустан: «Эмдиги жылы ашык болсом болобу?» — деп сурап жатат.

Ed Sheeran & Elton John – Merry Christmas

Эд Ширан менен сэр Элтон Джон балатынын жанында шарап ичип, сүйүү тууралуу ырдап жатышат. Бах, караңызчы!

Justin Bieber – Mistletoe

Джастин мурда кыздарды далай жүрөк оору кылган. Рождестводо да ал адатынан кайткан жок. 😉

Pentatonix – Carol of the Bells

Бул топтогулар акапелла (музыкасыз) ырдашат. Аларга дүйнөлүк деңгээлдеги атак-даңкты бүтүндөй дүйнө жатка билген Рождество коңгуроолорунун гимни Carol of the Bells алып келген.

August Burn Red – Carol of the Bells

Эгерде сиз оорураак музыканы жакшы көрсөңүз, анда ошол эле гимндин башка версиясын угуп көрүңүз. Ал «Америкалык атаке» аттуу мультсериалдын эң эсте калган сценасына саундтрек болгон.

Щедрик

2022-жылдан тарта Carol of the Bells ыры чындыгында, украина эл колядкасы «Щедриктин» Америкага ылайыкталган версиясы экени эч кимге деле сыр болбой калды.

Stray Kids – Christmas EveL

Ал эми сиз кей-попту жакшы көрсөңүз, анда бул ыр Жаңы жылга карата сиздин көңүлүңүзгө төп келет.

Иван Дорн и Антоха МС – Новогодняя

Эгерде орус тилдүү музыкага жакыныраак болсоңуз, анда сизге украиналык ырчы Иван Дорн жана анын досу Антоха МСден төмөндөгү тректи тартуулайбыз.

Дорндун дагы бир ыры:

Стекловата – Новый год

Бул мем эч качан унутулбай, келе жаткан жыл бир эле жылга эмес, өмүр бою жакшы жылдардын катарында эсиңизде калат деген үмүттөбүз.

Верка Сердючка – Новогодняя

Ата-энебиздин сыналгысынан Жаңы жылдык «Көгүлтүр оттун» вайбынан дагы бир тутам кошуп коёлу.

2023-жылы баары өз жолунда болсун!

«Ким билет» жана «Кечки Бишкек»

Өзүбүздүн музыкасыз кантип болсун! Узап жаткан жылы кыргыз ырчылары Jax менен Мирбек Атабеков бизди жаңы хиттери менен кубандырышты. Анда эмесе дагы бир жолу кубаналы!