Кыргызстандыктар 2022-жылы TikTok’то атагын чыгарып, миллиондогон көрүүлөрдү топтоп, дүйнөлүк деңгээлге чыгышты. Узап бараткан жылда мекендештерибиз белгилүү соцтүйүндү кантип багындырганын айтып беребиз.

Тиктокерлердин рейтинги «Клооптун» кызматкерлеринин субъективдүү көз карашы менен түзүлдү, ал эми алардын катталуучуларынын саны менен топтогон көрүүлөрү 2022-жылдын 26-декабрына карата келтирилди.

Биз түзгөн тизме боюнча, популярдуу кыргыз токтокерлердин сап башында Арген @argenby турат, анын 11 миллион катталуучусу бар. Тиктокердин видеолору 50 миллиондон ашык, ал тургай 100 миллион көрүү топтойт.

Ал ымдоо аркылуу «Американский психопат» тасмасындагы сценаны чагылдырган видеосу менен дүйнөгө таанылган. Мындай ишарат макулдуктун белгиси.

@argenby

ib: @batyr.white

♬ WORTH NOTHING - Fast & Furious: Drift Tape/Phonk Vol 1 - TWISTED

Азиздин @azabra3a бүгүнкү күндө 5 миллион катталуучусу бар. Ал юмористтик скетчтери менен таанылган. Мекендешибиздин видеолору абдан көп көрүлөт. Мисалы, анын тамашалуу тиктокторун бири дээрлик 15 миллион көрүү топтогон.

@azabra3a

#великолепныйвек #azabra3a

♬ MONEYKEN LOVE - INSTASAMKA

@4girls.team — төрт бийчи кыздын тик-ток аккаунту. Азыркы тапта алардын 4,8 миллион катталуучусу бар. Айрыкча анын миллионун кыздар болгону бир айда топтошкон.

Кыздар соцтүйүндөрдө бийлери аркылуу жаңы тренддерди жаратып белгилүү боло алышкан. Алардын бири — «Комузчу» ырына жаратылган бий. Бул ырдын коштоосунда дүйнө жүзүндө 90 миңден ашык видео тартылган.

@4girls.team

запускаем тренд🫶🏻🇰🇬

♬ ой комузчу -

Элдар Тыналиев @tynalieff илим жөнүндө видеолорду тартып, түрдүү эксперименттерди жүргүзөт. Элдар өз эмгеги менен видеолорун такай көрүп турган 2 миллиондон ашык адамдын назарын бурган. Тиктокердин видеолору миллиондоп көрүлөт.

@tynalieff

Что если, положить ЗУБЫ в разные напитки на 30 ДНЕЙ?

♬ оригинальный звук - Эльдар Тыналиев

Элдардын YouTube каналы да бар. Канал октябрда күмүш баскыч алган.

Жаш ырчы Амирдин @amirchiiik да Tiktok’то 2 миллион катталуучусу бар. Ал өзү жаздырган тректерди жүктөп таанылган, ырчынын тректери көп күттүрбөй эле белгилүү трендге айланат. Ал түгүл кыргызстандык Shazam-200 дүйнөлүк хит парадына да кирген.

Бул анын үч миллион көрүү топтогон видеосу.

@amirchiiik

Минимум раз Live #amirchik #минимумраз

♬ оригинальный звук - Амирчик

DBillions @dbillions_kids_songs тобунун 1,5 миллион катталуучусу бар. Кыргыз блогерлеринен турган топ ыр кылып англис тилинде видеолорду чыгарышат, алардын бири 2022-жылдын жайында катуу популярдуу болгон (учурда видео 224 млн көрүү топтогон!).

Tiktok’то трендге айланган «My name is» ыры ал тургай «Евровидение-2022» эл аралык музыкалык сынагында жаңырган. Сынактын экинчи жарым финалында алып баруучу, шоумен Алессандро Каттелан бий тобу менен дал ушул ырдын үзүндүсүнүн коштоосунда бийлеген.

Блогерлердин балдарга арналган YouTube каналы бар. Канал 2021-жылдын сентябрында бриллиант баскычын алган. Бриллиант баскыч катталуучуларынын саны 10 млнго жеткенде берилет.

Айдинанын @turdalieva_a 1,2 миллион катталуучусу бар. Ал тамашалуу, тарбиялык жана тематикалык мүнөздөгү скетчтерди тартат. Айдина спорт кийимчен эркек баланын образын жараткан видеосунан кийин тааныла баштаган.

Тиктокердин видеолору миллиондогон көрүүлөрдү топтойт.

@turdalieva_a

♬ оригинальный звук - Айдина🦔

Айвиндин @iwin.oo чыгармачылыгына да миллион катталуучу көз салат. Ал тематикалык видео жана липсингдерди (кайсыл бир үн тизиминин фонограмманын коштоосунда ооз кыбыратуу: ыр, мюзикл, спектакль, тасма жана башкалар) тартат.

Бул Айвиндин 19 миллиондон ашык көрүү топтогон видеосу.

@iwin.oo

♬ Se Acabo (Remix) - The Beatnuts

Эржан Нурланов менен Самара Эркебаева экөөнүкү биригип 860 миңден ашык катталуучусу бар — @erjan_san’дыкы (324 миң катталуучу), @samarou (536 миң катталуучу). Түгөйлөр бири-бирин пранкка (тамаша) салып тарткан видеолору менен популярдуу болушкан.

@samara_raim

@erjan_san жоска лоханулся 😂 #пранкнадмужем #проверкамужа

♬ оригинальный звук - Samara Raimzhanova

Коомчулукка Элдана Форайз @foureyes_eldana катары таанымал Элдана Сатыбалдиеванын Тиктоктогу аккаунтун 652 миң катталуучусу акмалап турат.

Бир нече жыл мурда Элдана Инстаграмда турмуштук темаларга байланыштуу, стереотиптерди жана адатка айланган көз караштарды шакабалаган 15 секунддук скетчтерди чыгарып белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө аталган соцтүйүндө блогердин 840 миңден ашуун катталуучусу бар.

Элдана — волонтёр, феминист жана айлана-чөйрөнүн активдүү коргоочусу. Ошондой эле Элдана өспүрүмдөр менен жыныстык жактан тарбия тууралуу да маалыматтары менен бөлүшүп жүрчү.

Блогер Тиктокто юмористтик скетчтерин тартууну улантып келет.

Бул анын дээрлик үч миллион көрүү топтогон видеосу.

@foureyes_eldana

♬ original sound - Chloee

Аселдин @aselbbh Тиктокто 421 миңден ашык катталуучусу бар. Ал мейкап жасаганды үйрөткөн видеолору менен таанылган. Көбүнесе макияж кайсыл өлкөлөрдө кандай жасаларынтартат.

Анын бул видеосу 2 миллиондон ашык көрүлгөн.

@aselbbh

Natural and with no makeup 😊🫶🏻 - 𝗰𝗼𝗻𝘁𝗮𝗰𝘁𝘀: Viviring Olive @olens_contactlens - 𝗽𝗿𝗼𝗱𝘂𝗰𝘁𝘀: @3ina 24H Foundation (Shade 609) @beauty_showroombi Gabrini Eyebrow Gel @Wonderskin 👄 Power’full Mascara @naturerepublic_kr Marble Highlighter @romandyou Glasting Water Gloss - #nomakeupmakeup #naturalmakeup #everydaymakeup #cleanmakeup

♬ original sound - willow ୨୧

Нуркыз Токтогонованын @toktogonova 356 миң катталуучусу бар. Ал күнүмдүк турмуштагы темаларга скетчтерди тартат. Нуркыздын видеолорунун бири 3 миллиондон ашык көрүлгөн.

Тиктоктогу белгилүүлүгү Нуркызга атамекендик тасмаларга тартылууга да түрткү болгон. «Супер малина», «Шерине» жана «10 жылдык» деп аталган кинолорго тартылган.

Zee’нин @ohmybabyzee 255 миң катталуучусу бар. Ал өз видеолорунда мода дүйнөсүндөгү кызыктуу фактыларды жана ушак кептерди айтып берет. Ал автордун башкаларга окшобогон, өзгөчө баяндоосу менен айырмаланат.

Zee’нин бул видеосу миллиондон ашык көрүү топтогон.

https://www.tiktok.com/@ohmybabyzee/video/7171323236016229634?_r=1&_t=8YIlKkvHbZi&is_copy_url=1&is_from_webapp=v1

Эмесе тизмегибизди жыйынтыктап @eki.suluu үчилтигине токтолобуз. Азада, Айдана жана Жеңишгүл — эже-сиңдилер. Үчилтиктин чыгармачылыгына 170 миңге жакын катталуучу көз салат. Кыздар 2021-жылы орус аткаруучусу Gazan’дын «Абу бандит» ырына пародия тартып бир түндө популярдуулукка ээ болушкан. Видео кыска убакытта таркап, 3 миллиондон ашык көрүлгөн.

@eki.suluu

#Абубандит

♬ оригинальный звук - Eki suluu

Учурда кыздар белгилүү ырлар менен тасмаларга пародия тартканды улантышууда.