Дисклеймер: Саат 21:30да материал өзгөртүлүп, айрым тактоолор киргизилди.
Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун беш врачы 10-январга чейин ТИЗОго киргизилди. Алар кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбай койгон деп айыпталууда.
Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды. Ушул эле иш боюнча дагы бир медицина кызматкери үй камагына кетти.
«Клооптун» өздүк булактары сөз минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси Нурлан Жапаровдун небересинин өлүмү тууралуу болуп жатканын айтып берди.
«Бизге жашыруун шарт менен чиновниктин небереси чарчап калганын айтышты, аларды каматып салуу үчүн баарын кылышат дешти. 30-декабрда сот отуруму жабык режимде өттү», — деди өздүк булагыбыз.
Медициналык профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасова дагы врачтардын жапырт кармалышына «жогорку кызматтагы аткаминердин» баласынын өлүмү себеп болгонун жазган.
«[Дарыгердин] күнөөсүн далилдебей туруп, так айтканда, каза болгон баланын туугандары жогорку кызматтагы кишилер болгону үчүн эле [дарыгерлерди] камаган окуя кыргыз тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Медиктерге түз эле айтышыптыр “түрмөдө чиритебиз”, “дипломуңарды алып коёбуз” деп [...] Кармалган врачтардын балдар статионарларында күн сайын, көп жылдан бери балдардын өмүрүн сактап калган чоң тажрыйбалары бар. Алардын арасында улгайганы да, жаш дарыгерлер да бар. Алардын күтүп жаткан үй-бүлөсү, балдары бар», — деп жазды Барыктабасова.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан дарыгерлердин кармалышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Ал эми милициядан бала 2022-жылдын 13-ноябрында эртең мененки саат 07де ичи ооруп ооруканага жеткирилип, 12:30да башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулуп, ошол жерден көз жумганын айтып беришти.
Барыктабасованын айтымында, баланы алгач алып барышкан ооруканадагы дарыгерлер операция жасагыдай себепти аныкташкан эмес, ошондуктан аны кошумча кароо үчүн Жалдагы Эне жана баланы коргоо борборуна жөнөтүшкөн.
«Ич ооруганда дарыгерлер эмне болуп жатканын дароо көрүп, маселени дароо чечиш үчүн диагностикалык операцияга — лапаротомияга — барышат. Кээде ал сокур ичеги болушу мүмкүн, кээде ичеги түйүлүп калышы мүмкүн, шишик жана башкалар болушу мүмкүн. Жөн эле операцияга ала бербейт. Бирок бул жолу операция жасалган эмес, себеби, медиктердин айтымында, андай көрсөтмөлөр болгон эмес. Алар баланы дагы текшерүүдөн өткөрүүнү каалашкан, ал кезде балада перитонит жана сепсис болуп жаткан», — деп айтып берди медпрофсоюздун башчысы.
Кесиптик милдетттерин талаптагыдай аткарган эмес делип айыпталып кармалган дарыгерлер 50 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылышы мүмкүн же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.