«Клооп» Кыргызстандын өткөн доордогу тарыхый ишмерлери тартылган ак-кара түстөгү 10 архивдик сүрөттү нейротүйүн аркылуу боёп көрдү. Эми жыйынтыгы суктантат, абдан сонун чыкты.

Palette — бул жасалма интеллекттин жардамы менен ак-кара түстөгү сүрөттөрдү боёгон онлайн-сервис. Palette сүрөттөгү объекттердин баштапкы түсүн өз алдынча аныктаган атайын үйрөтүлгөн алгоритмдердин жардамы менен иштейт.

Биз Кыргызстандын белгилүү адамдарынын эски сүрөттөрү түс берилгенде кандай көрүнмөктүгүн байкап көрүүнү чечтик.

Сүрөттүн түп нускасын нейротүйүн боёгон сүрөт менен салыштырып көрсөңүз болот. Ал үчүн сүрөттөгү боз жылдыргычты колуңуз же менен курсор менен жылдырыңыз.

Бул материал смартфондордо жана компьютерлердин экранында жакшы көрүнөт. Планшеттик компьютерлерде көрүүдө бир аз кыйынчылыктар болушу мүмкүн.

Булак: foto.kg

«Кызыл учкун» адабий бирикмесинин мүчөлөрү, 1927-жыл.

Солдон оңго: алдыңкы планда Кубанычбек Маликов, Ташим Байжиев жана Мамасалы Абдукеримов. Ортоңку планда — Узакбай Абдукаимов, Зияш Бектенов, Касымалы Жантөшев, Саткын Сасыкбаев жана Мукай Элебаев. Арткы планда — Жумаш Кадыров, Жоомарт Бөкөнбаев, Жума Жамгырчиев жана Масыралы Кырбашев.

Сүрөттө алар 16дан 23 жашка чейинки куракта, жаш жана таланттары ташкындап турган кездери. Бирок кийинчерээк алар драмалуу, ал түгүл кайгылуу тагдырга туш болушкан. Мукай Элебаев менен Жума Жамгырчиев Экинчи Дүйнөлүк согушта фронтто каза табышкан. Зияш Бектенов менен Ташим Байжиев «Манас» эпосунун үстүнөн иштешкени үчүн пантюркизмге айыпталып, 10 жылдан абакта отуруп чыгышкан. Ал эми Жоомарт Бөкөнбаев «Семетей» эпосу боюнча тасмага даярдык көрүүдө иш сапарга чыгып баратып авто кырсыктан каза тапкан.

Источник: foto.kg

Булак: Мамлекеттик архив

Солдон оңго: Жазуучу Чыңгыз Айтматов, балет артисти Бүбүсара Бейшеналиева, жазуучу Шаршеналы Усубалиев жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва, 1960-жылдар.

Солдон оңго: Манасчы Саякбай Каралаев, акын Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов), акын жазуучу Абдыкалык Чоробаев. «Манас» эпосунун жазуу түрүндөгү версиясынын үстүндө иштеп жаткан учур, 1939-жыл.

Булак: «Кыргыз Туусу»

Мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов болочоктогу жазуучу уулу Чыңгыз Айтматов менен.

Солдон оңго: Акын жана котормочу Алыкул Осмонов жана жазуучу Аалы Токомбаев, 1939-жыл.

Колхозчу Кадия Кокойбаева улуттук кийимчен, 1937-жыл. Сүрөттү советтик репортаждык фотографиянын жол башчыларынын бири Макс Альперт тарткан.

Актёрлор Муратбек Рыскулов менен Бакен Кыдыкеева Кыргыз драм театрындагы «Сепсиз кыз» спекталинде, 1950-жыл.

Солдон оңго: композиторлор Калый Молдобасанов, Мукаш Абдраев, Насыр Давлесов жана опера ырчысы Кыдырбек Чодронов партитуранын алдында. 1970-жыл.

Актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов (ортодо) 1973-жылы советтик-жапон «Дерсу Узала» тасмасын тартуу учурунда жапон режиссёру Акира Куросава (солдо) менен түшкөн сүрөтү. Үч жылдан кийин бул тасма «Чет тилиндеги эң мыкты фильм» номинациясында «Оскарга» татыган.

СССРдин Жогорку Советинин VI чакырылышынын Кыргыз ССРиндеги депутаттары советтик космонавттар Юрий Гагарин жана Герман Титов менен 1962-жылы Москванын Кремлинде түшкөн сүрөтү.