Бишкек: Кичи автобуска чиркелген чана менен жаш балдарды сүйрөгөн айдоочуга айып салынды

Сүрөт: Жол кайгуул кызматы

Бишкекте кичи автобуска чана байлап алып, районду аралап балдарды сүйрөгөн айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Эми айдоочу мамлекетке 7500 сом өлчөмүндө айып төгүшү керек.

«Маршруттук унаанын айдоочусу жаш балдарды эч кандай коопсуздук эрежелерин сактабай, чанага отургузуп, сүйрөп алган үчүн унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди», — деп билдиришти Кайгуул кызматынан.