ЗиЛ лыжа базасына Чыгыш Түркстандын туусу илинди — милиция териштире баштады

Чүй облустук милициясы «ЗиЛ» тоо-лыжа комплексинин аймагына Чыгыш Түркстандын туусу илингени тууралуу видео боюнча териштире баштады.

Милициянын малыматына ылайык, видеодо лыжа базасына «жок өлкөнүн желеги илинип турат» деп айтылат.

Материалдар Ысык-Ата РИИБнин электрондук журналына катталган. Жерине барган милиция кызматкерлери уйгур улутунун байрагы деп саналган Чыгыш Түркстандын туусун тоо-лыжа комплексинин ээси түшүрүп, укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин аныкташкан.

Азыркы тапта текшерүүнүн алкагында соттук-теологикалык жаңа соттук-трасологикалык экспертизалар дайындалды. Ошондой эле, милиция күбөлөрдү суракка алууда.

Чүй облустук ИИББнен «Клоопко» бардык териштирүүлөрдөн кийин, кылмыштын курамы табылса иш козголорун билдиришти.

1933-1934-жылдары пайда болгон Чыгыш Түркстандын желеги уйгурлардын улуттук байрагы деп да саналат. Желекте исламдын символу болгон жылдыз менен жарым ай түшүрүлгөн. Көк түс асманды символдоштурса, беш бурчтуу ак жылдыз колдун беш манжасын же «Биримдикти» билдирет.

Ушул эле туу 1994-1949-жылдары расмий Экинчи Чыгыш Түркстан республикасынын желеги катары колдонуп келген. Уйгурларда улуттук-боштондук кыймылынын символу катары активдүү колдонулуп жүрөт.

Азыркы тапта Чыгыш Түркстан Синьцзян-Уйгур автономдуу району деген аталыш менен Кытайдын курамына кирет. Кытай бийлиги улуттук сепаратизм көрүнүшү катары желекти колдонууга тыюу салган.

Башкы сүрөт: Айбек Турдаалы.