Ташиев чек ара жаңжалында курман болгон аскерлерге арнап китеп чыгарууну тапшырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы сентябрь айында болгон кыргыз-тажик куралдуу кагылышында курман болгон аскерлердин элесине арнап китеп чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу 11-январда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ташиев бул тапшырманы 10-январда өткөн кеңешмеде бергени айтылат.

УКМКдан китепти бардык орто мектептерге жана жогорку окуу жайларга таркатып берүү пландалып жатканын билдиришти. Мындан тышкары, китеп Билим берүү министрлигинин окуу программасына да киргизилиши мүмкүн.

Ошондой эле Ташиев кеңешмеде китепти чыгарууга «өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну» жана ишти 2023-жылдын 31-августуна чейин же кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштын бир жылдыгына чейин бүтүрүүнү тапшырган.

«Окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды», — деп айтылат маалыматта.Аны менен бирге китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги белгиленет.

Сентябрдагы куралдуу кагылышта курман болгон аскерлердин Улуттук тарых музейиндеги портреттери. Сүрөт: Гулжан Турдубаева / «Азаттык».

Курман болгон аскерлердин портреттери буга чейин Улуттук тарых музейине өткөрүп берилген. 23-декабрда ал жакта курман болгон аскерлерге арналган эскерүү иш-чарасы өткөн.

Чек ара жаңжалы

2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн тарыхында эң эле кандуу куралдуу жаңжал чыккан. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара кагылышында биринчи жолу жапырт ок чыгаруучу ракеталар системасы сыяктуу оор куралдар колдонулган.

Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарынан 130 миңден ашуун тургун үйүн таштап, коопсуз жерлерге кетүүгө аргасыз болгон.

Куралдуу кагылышта 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон. Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптап жатат.