Маморгандардын жумушчу тили кыргызча болот. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 18-январда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Ал мамлекеттик тилди укуктук негизде бекитүү жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутаттар анын маанилүү экенин белгилешти. Документти кабыл алууга 75 депутат макул деп добуш берди. Бирок айрым эл өкүлдөрү мыйзам долбооруна кошумча сунуштарды айтып чыгышты.

Мисалы, депутат Дастан Бекешев билим берүү мекемелеринде бир гана кыргыз тили эмес, эки тилди – кыргыз жана орус тилдеринде окутууну калтырууну сунуштады.

«Көпчүлүк учурда Бишкектен жана башка аймактардан мага кайрылып жатышат. Бизге окуу процессин орусча кылып бергиле деп жатышат. Ал эми башка улуттардын өкүлдөрү тескерсинче мамлекеттик тилде сабак өтүп бергиле дешет. Ошондуктан мектептер эки тилдүү болуусуна уруксат береличи. Кимге кандай ыңгайлуу болсо ошол тилде окушсун», — деди Бекешев.

Ошондой эле депутат жаңдоо тилин кыргызча иштеп чыгуу керек деп белгиледи. Анткени бүгүнкү күнү мындай жок. Бекешев Брайл арибинде терилген кыргыз тилдүү китептерди көбөйтүү керектигин да кошумчалады.

Кандай сунуштар айтылды?

Мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия иштеп чыкты, ал эми демилгечи — өкмөт.

Өзгөртүүлөрдүн бири, кыргыз тили мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү бийликтин жана мамлекеттик ишканалардын жумушчу тили болот.

Азыркы конституциялык мыйзамда мамлекеттик тил жөнүндө «мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюм, мекемелердин иши мамлекеттик тилде, зарыл учурларда — расмий тилде да жүргүзүлөт» деп айтылат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда: «Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иш жүргүзүүчү жумушчу тили — мамлекеттик тил [….] Ал эми мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде мамлекеттик тил колдонулат жана зарылчылыкка жараша башка тилдер пайдаланылышы мүмкүн» деп айылат.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке кыргыз адабий тилинин алфавитин жана орфоэпиянын эрежелерин бекитүү укугун берүү сунушталууда.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунда географиялык аталыштар, ошондой эле парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн, тилке көчөлөрдүн, аянттардын, проспекттердин, көпүрөлөрдүн жана башка топоним объекттеринин аталыштары мамлекеттик тилде тариздөө сунушталууда.

«Топоним объекттеринин аталыштары башка тилдерге которулбайт, алар расмий документтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, картографиялык, маалымдамалык, энциклопедиялык, окуу жана башка басылмаларда мамлекеттик тилдеги тамганын тыбышы боюнча башка тилдеги тиешелүү алфавит тамгалары аркылуу берилет», — деп айтылат документте.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик тилинин милдеттүү колдонулушу Кыргызстандагы этностордун эне тилдерин жана башка чет тилдерди пайдалануу укугун кемитпейт жана четке какпай турганы баса белгиленет.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.