MEGA уюлдук оператору сатылбайт. Компания менчиктештириле турган ишканалардын тизмесинде

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 19-январда MEGA («Альфа Телеком» ЖАК) уюлдук оператору мамлекеттин карамагында кала турганын билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеште 2023-2025-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы талкууланып жатат. Дал ушул программага MEGA компаниясы кошулган. Бул үчүн бийлик мурдараак компанияны баалаган.

«Бул эмнени билдирет? Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда, компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт», — деп жазды Султанбаев.

Ал компания жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөйт деп белгиледи. Бийлик башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө алып келет деп эсептейт.

Учурда компания Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна карайт. Өткөн жылдын ноябрында Маммүлк фондусунун башчысы Мирлан Бакиров MEGA мамлекет 2023-жылы сатыкка чыгарууну пландап жаткан 30 ишкананын катарына киргенин билдирген. Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуулар сайтында «Меганы» баалай турган компанияга конкурс жарыяланган. Бакировдун эсеби боюнча, учурда компания болжолдуу 14-15 млрд сом турат.

2014-жылы мамлекеттин менчигине өткөн бул уюлдук операторду бийлик бир топ жылдан бери эле сатууга аракет кылып келет, бирок азырынча майнап чыга элек.