Украинадагы согушка каршы акция өткөрөм деген орус жараны өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду

19-январда укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Орусиянын жараны Тимофей Илюшиндин окуясынын чоо-жайын айтып берди. Ал Кыргызстанга Орусиянын Украинага ачкан согушуна каршы болгондуктан келген.

Абдирасулованын айтымында, Илюшин Бишкек ШИИБдин кызматкерлеринин басымынан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

«Тимофей [16-январда] Бишкекте Орусиядагы саясий туткундарды колдоо боюнча тынчтык митингин өткөрүүгө байланыштуу билдирүү бергенин айтып бизге кайрылган. Билдирүүсүн бергенден кийин ага ага [Бишкек] ШИИБден чалышыптыр, ал бизден бул боюнча юридикалык кеңеш берүүнү суранган. Биздин адис ага Кыргызстандын мыйзамына ылайык чет элдик жарандын укуктары жана милдеттери тууралуу, анын ичинде тынчтык митингдерин өткөрүүгө укугун бар экенин түшүндүрүп берген», — деди Абдирасулова.

Илюшин Бишкекте өткөргүсү келген биринчи митинги Орусиянын саясий туткундарын — оппозиционер Алексей Навальныйды, саясатчы Илья Яшинди жана башка орус бийлигин сындагандарды колдоого арналмак.

Экинчи митингди активист 24-февралда уюштурмак, анда ал Орусиянын Украинага каршы ачкан согушуна каршы чыгууну пландап жаткан. Ал 24-февралды Орусия дал ушул күнү, 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салуусун баштаганы үчүн тандаган.

Ал эми 17-январда Илюшин укук коргоочуларга жашап жаткан үйүнө төрт милиция кызматкери келгенин билдирген. Абдирасулованын айтымында, алардын юристи активист жашаган жерге барып, «милиционерлер аны сүйрөп чыгып, Бишкек ШИИБге алып кетишкенине күбө болгон».

Көрсө алар экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери экен. Натыйжада активист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

«Ал жеке коопсуздугу үчүн аргасыз чара болду, болбосо аны экстремизм боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартып, андан ары депортацияланмак», — деп түшүндүрдү укук коргоочу.

Абдирасулова Украинадагы согушка же Орусиянын саясатына каршы Кыргызстанда тынч митингдерге чыгууну каалаган орусиялыктарга карата экстремизм боюнча кылмыш ишин козгоо аракеттери болгон учурлар анын иш тажрыйбасында мурда дагы болгонун кошумчалады.

Тимофей Илюшин эмне дейт?

Илюшин Орусиянын SOTA басылмасына курган маегинде алгач ага Бишкек ШИИБден телефон чалып, милиция бөлүмүнө чакырышканын айтып берген. Милиционерлер, анын айтымында, «аталган тынчтык митинги тууралуу сүйлөшмөкчү» болушкан.

Активит ага макул болгон, бирок, эртеси күнү үйүнө милиционерлер келишкен. Милиционер андан адвокаттарга чалбоону суранып, «жөн эле отуруп сүйлөшөбүз» деп айтышкан. Юрист келгенден кийин алар ШИИБге кетишкен.

ШИИБге баратканда милиционерлер активисттен кайда туулганын, Кыргызстанга эмнеге келгенин, эмне үчүн митиг өткөрүү боюнча билдирүү бергенин жана эмнеге Кыргызстан менен Орусияны уруштургусу келип жатканын сурашкан. Милиция бөлүмүнөн Илюшинди ар башка иш бөлмөлөрүнө алып барып, жеке мүнөздөгү, анын ичинде митинг туурасында суроолорду беришкен.

«Илюшинге кылмыш ишин козгозбуй деп коркутушкан, бирок, так кандай айып ташарын айтпай коюшкан. Адвокатты болсо жанына киргизбей коюшкан. Орус активисти бөтөн жерде эмне иш болбосун “илип” коёт, эч кимге кайрыла албай калам деп чочулай баштаган», — деп басылма баяндап берди Илюшиндин маегин.

Мындан тышкары, басылманын маалыматына ылайык, ШИИБдегилер активисттен соцтүйүндөгү барактарынын шилтеменисин талап кылышкан, бирок Илюшин берүүдөн баш тарткан. Активист милиция бөлүмүнөн Кыргызстанда эмне иш кылары, эмне үчүн митинг өткөрүүгө билдирме түшүнүк кат жазып берген соң гана кеткен. Аны менен кошо активистти мыйзам бузганын моюнга алдырып, Кыргызстандан чыгып кетүү убадасын берүүгө аргасыз кылышкан.

«Клооп» активисттин кармалышы боюнча Бишкек ШИИБге 17-явардан бери кайрылып көрдү, бирок материал жарык көрөр алдында Илюшин боюнча комментарий ала алган жок.