Баткенде өрүк данегинен май өндүрө турган цех ачылды

Сүрөт: Баткен облустук администрациясы

Баткен облусунда өрүктү иштетип, анын данегинен май өндүрө турган цех ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-январда аталган облуска Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года келип, бийлик өкүлдөрү менен жолуккан. Ошондой эле Алыш-Дан кооперативинин астында ачылган май өндүрө турган цехтин ачылышына катышкан.

Облустук администрациядан белгилешкендей, Жапон өкмөтү 2022-жылдын октябрында чек ара жаңжалына байланыштуу Баткен облусунун тургундары үчүн 1 млн доллар өлчөмүндө чукул гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган. Бул жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын башкармалыгы аркылуу ишке ашырылып жатат.

Элчи жана башка коноктор аталган ишкананын өрүктөн даярдалган башка органикалык азыктары менен да таанышкан. Мындан сырткары чек ара айылдарынын эли менен да жолугуп, керектүү жардамдарын бергени айтылды.

Узаган жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болду, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алды. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калды.

Кыргыз бийлиги тургундарга үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүүнү убадалаганы менен ал аткарылган жок. Ушул тапта да туугандарыныкында же батирлерде жашап, үйүнүн курулуп бүтүшүн күтүп жаткан баткендиктердин саны арбын.

Алар курулуш иштерин тездетүүнү жана чек ара көйгөйүн чечүүнү талап кылып келишет.

Автору: Бегимай Бакаева