Муфтият: Ажылык сапарга катталгандар үчүн баштапкы төлөм миң долларды түзөт

Анын айтымында, 24-январдан тартып зыяратчыларды каттоо башталды. Алар «РСК Банк» аркылуу төлөм жүргүзүп, тиешелүү документтерди даярдашы керек.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Айтбаев «Клоопко» курган маегинде бул каражат авиакомпанияларга төгүм катары жана бирдиктүү форма тиктирүүгө жумшаларын айтты.

«Бул баштапкы гана төлөм. Азырынча ажылыкка баруу үчүн жалпы канча каражат керектетет так аныктай элекпиз. Бул боюнча тийиштүү иштер аткарылып жатат. Учурда авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө»,— дейт Айтбаев.

Аны менен катар, муфтияттан ажылык сапарга барууга алгач ирет барууга ниеттенгендерди каттоо 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөрүн баса белгилешти. Булар көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде баштапкы төлөм — миң доллар жана кайтарымсыз миң сом беришет.

Ажылык сапарга баруу үчүн керектелүүчү документтер:

— жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү;

— тууганчылыгын тастыктаган документ (эгер бирөө менен бара турган болсо);

— 3x4 өлчөмүндөгү сүрөт;

— №086/ж медициналык маалым кат. Учурда ажылыкка баруу үчүн кезекте 4 миң 313 адам кезекте турат. 2022-жылы ажылыкка 2 766 кыргызстандык барып келген. Алар зыярат үчүн 4 миң 500 доллар төлөшкөн.