7-февралдан баштап Бишкек — Баткен — Бишкек авикаттамы жанданат

Бишкек — Баткен — Бишкек авикаттамы 7-февралда жанданат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Tez Jet авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү аткарат.

Буга чейин «Баткен» аэропорту аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Автору: Албина Жыргалбек кызы