Садыр Жапаров Балдарды коргоо күнүндө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына белек берип жатат. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Улуттук телерадио корпорациясынын курамына кирген «Баластан» телеканалында аптасына бир жолу «Сен мыктысың!» деп аталаган теледолбоор көрсөтүлөт — бул Орусинын «Лучше всех!» телешоусунун кыргызчага ылайыкталган версиясы. Шоуга балдар келип, таланттарын көрсөтүшөт, ал эми алып баруучу Самат Эркинбеков алар менен маектешет. Балдар таланттарын көрсөтүп бүткөндөн кийин бөбөктөргө президенттин атынан белектер тапшырылат — рюкзак, китеп, планшет жана теледолбоордун статуэткасы.

Телешоуга кастинг башталганда промо-роликте берүү президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен чыгып жатканы айтылган. Президенттин ысымы промо-роликте эле эмес, ар бир берүү башталганда да эскерилип турат. Мындан тышкары, берүүгө келген бөбөктөргө алып баруучу «президентибиздин атынан» деп белектерди берет.

Президенттик администрациядан «Сен мыктысын!» чынында эле президенттин колдоосу менен өтүп жатканын «Клоопко» тастыкташты. Администрация, теледолбоор «президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында, ошондой эле, өлкөнүн аймактарындагы таланттуу балдарды аныктап, алардын жөндөмүн андан ары өнүктүрүүгө шык берүү максатында» 2022-жылдын 30-сентябрынан тарта эфирге чыга баштаганын билдирди.

Кызыгы, теледолбоорду ишке ашырууга акча минкабдын төрагасынын фондунан бөлүнгөн, бирок белектер президенттин атынан тапшырылат. Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, «балдар үчүн контенттин аздыгын жана УТРКнын каражаты чектелүү экенин эске алганда» минкаб жалпысынан 6 млн сом бөлгөн.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы республикалык бюджеттен УТРКга 484 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

«Сен мыктысың!» долбоору көрсөтүлө баштагандан бери өлкөнүн ар башка аймактарынан 1,5 миңден ашуун баладан өтүнмө түшүп, алардын ичинен 100 бала таңдалып алынып, 20 программа тартылган.

«Теледолбоор эфирге чыга баштагандан бери социалдык түйүндөрдө долбоордун катышуучуларынын ата-энелери да, интернеттин активдүү колдонучулары да жакшы пикирлерин билдирип жатышат», — деп айтылат администрациянын жообунда.

«Баластан» телеканалы 2013-жылы түптөлгөн. Ал Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) курамына кирет.

Тема боюнча: Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот