Башкы прокурор Курманкул Зулушев учурда миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын түзөтүү жайларында камакта отурганын билдирди. Бул тууралуу ал 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында айтты.
«Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Орусиянын 79 субъектинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1077 жараны жазасын өтөп жатат. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду мындан ары жазасын өтөө үчүн Кыргызстанга алып келүү маселелери талкууланууда. Былтыр 60тай киши Казакстан менен Орусиянын түзөтүү жайларынан өлкөгө алып келинди», — деди ал.
27-январда Орусияда камакта отурган кишинин сөөгү Украинадагы согуштан келгени маалым болгон. Маалыматка караганда, маркум — 30 жаштагы Аян Алишеров Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну болгон.
Ал 2019-жылы Орусияда 3 досу менен чогуу «Адам уурдоо» жана «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен айып тагылып, Мордовияда абакта отурган.
Анын бир тууган иниси Асылбек Абдалиевдин айтымында, тагылган айыптар «жалган жалаа» болгон. Жакындары Аянды Кыргызстандагы абакка которуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2022-жылдын июнь айында чечим чыккан. Бирок үстүбүздөгү жылдын 12-январында ал каза болду деген кабар келген.
Асылбек Абдалиев абактагы агасын кыргыз деп күйгөн, ар-намысы бийик жигит болчу деп сыпаттап, Кыргызстандын жараны кандайча согуш талаасына барып калганына айран таң калып жатканын айткан.
«Бир жолу сүйлөшкөндө “ЧВК Вагнер келди бизге. Украина аркылуу эркиндикке чыгуунун жолдору бар экен” деп калды. Согушка катышам, кеткени жатам деп такыр айткан эмес», — деген ал.
Аны менен катар, Абдалиев Орусияда абакта отурган кыргыз жарандары көп экенин баса белгилеп, «бийлик төбөлдөрүнөн, элчиликтен өз жарандарына кайдыгер болбоону өтүнгөн».
Украинага кол салууга «азгыруу»
Өткөн жылдын июнь айында «МедиаХабдын» журналисттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын, анын ичинде кызгызстандыктарды «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясы (ЧВК) аркылуу Украинадагы согушка азгырып жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган.
Иликтөөчү журналисттер кыргызстандык соцтүйүндөрдө Орусияга жеке күзөт кызматына жумушка кабыл алуу тууралуу жарыялар пайда болгонун, жарыяда көрсөтүлгөн номерлерге байланышканда, «приоритеттер алмашканына байланыштуу» күзөт кызматына жумушчулар алынбай калганын айтканын билдиришкен.
Ордуна башка жумуш — «Украинадагы атайын операция жүрүп жаткан аймакта тапшырмаларды аткарууну» сунуштаган.
Телефон номерлерди идентификациялоочу кызмат ал номер ЧВК «Вагнер» деп катталганын көрсөткөн. Молькино деп аталган аймакта ЧВК «Вагнердин» базасы жана азгырык пункту жайгашканын Орусиялык ЖМКлар да жазышкан.
2022-жылы 30-декабрда Donday басылмасы Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын аннексияланган Луганск облусундагы «Вагнер» машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма аскерге издөө салганын жазган.
Анда качкандар машыгуу борборуна келгенге чейин Орусияда камакта жаткан кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны экени айтылган. Басылма соттолгондор 21-22-декабрда качканын билдирип, аты-жөнүн маалымдаган эмес. Аны менен катар, качкан алты киши куралчан жана кооптуу экенин белгилеген.
Эмне болгон ЧВК «Вагнер»?
ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.
Ошондой эле ЖМКлар «Вагнерге» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» Евгений Пригожин ээлик кыларын жазышкан.
ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, «Вагнердин» жалданма аскерлери 2014-жылы Донбасстагы, Сириядагы жана африка өлкөлөрүндөгү конфликттерге катышкан.
Кыргызстанда жалданма жоокер болгондорго кылмыш жоопкерчилиги каралган. Андайда «Жалдануучулук» беренеси менен 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага толук масштабдуу кол салууну баштаган. Орус бийлиги бул согушун Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатындагы «атайын операция» деп атаган. 2022-жылдын 18-декабрына карата маалымат боюнча кол салууда Украинада жалпы 6 826 жай тургун набыт болуп, 10 769 киши жарадар болгон.