Жыл башында салык кызматы депутат жана чиновниктердин 2021-жылга карата декларацияларын жарыялаган. «Клооптун» журналисттери депутаттардын ичинен көбү көптөгөн кыймылсыз мүлк жана автоунаалардан тышкары жылкы кармаганды (алардын декларацияда көрсөтүлгөн баасына караганда) да жакшы көрүшөрүн байкашты. «Клооп» жылкыга бай депутатардын рейтингин түздү.