Астана: Кыргызстан менен Орусиянын футболчуларынын ортосунда массалык мушташ болду

4-февралда Астана шаарында өтүп жаткан медиатурнирде Кыргызстан менен Орусиянын футболчуларынын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу турнирдин уюштуруучулары инстаграм барагында маалымдады.

Мушташтан кийин кыргыз футболчулары оюндан баш тартышканы кабарланды. Ошол себепте кыргызстандык командага техникалык жеңилүү берилип, турнирден четтетилди.

Kaktus.media басылмасы мушташ оюндун 67-мүнөтүндө, эсеп 0:0 учурунда чыкканын жазды. Мушташтан кийин калыс кыргыз футболчуларына үч, орус футболчуларына бир кызыл айып кагазын берген.

Атүгүл футбол талаасына полиция чакырылган, бирок жарым сааттан кийин эки команданын өкүлдөрү бири-биринен кечирим сурашкан. Полиция орусиялык оюнчуга 35 миң теңге айып салып, кыргыз оюнчуларына административдик тартип бузуу тууралуу протокол түзгөн.

1XBET Media Football League медиа-футбол турнири Казакстанда өтүп жатат, ал 23-январда башталган. Анда блоггерлерден, тамашочулардан, тиктокерлерден турган командалар ойношот. Турнирге Кыргызстандын атынан Top Team клубу катышкан — ал өлкөдөгү эң популярдуу медиа клуб.