Бекешев турак жайды табият кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу киргизүүнү сунуштады

Депутат Дастан Бекешев турак жайды табият кырсыктарынын кесепетинен милдеттүү камсыздандыруу киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 6-февралда Түркияда болгон эң күчтүү жер титирөөнүн шартында Телеграм каналында жазды.

Анын айтымында, Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу жөнүндө ченем бар, бирок ал милдеттүү эмес жана анын жоктугу үчүн эч кандай жоопкерчилик жок. Бекешев Бишкектеги жаңы турак жайлардын сапаты менен аймактын сейсмологиялык кооптуулугун эске алуу менен бул жагдайды өзгөртө турган мезгил келди деп эсептейт.

«Мамлекет курулуш бизнеси адам тагдырынан маанилүү деген философиядан кетиши керек эми. Уруксат берүүдөгү коррупция, курулуш жүргүзүүдөгү көзөмөлдүн жоктугу жана курулуш бизнесин либералдаштыруу акчасы барлардын баарын курулушчу кылды. Натыйжада өлкөбүздө “элитка” деген жаңы үйдүн баары »жер титиресе урап түшүп калышы мүмкүн», — деп жазды эл өкүлү.

Ал курулуш бизнесин курулушка уруксат алуу баскычынан жана үй пайдаланууга берилгенден баштап 10 жыл бою катту көзөмөлдөө керек дейт. Бекешев көптөгөн курулуш компаниялары жогорку сапаттагы бетон, арматура жана башка материалдардан үнөмдөп, стандарттарды сактабайт деп эсептейт.

Түркиядагы жер титирөө

Түркиядагы күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда, жергиликтүү саат боюнча эртең мененки саат 04:17 чамасында болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым ары аралыкта болгон. Эртеси күнү Түркиянын борбордук бөлүгүндө жаңы жер титирөө катталып, анын күчү 7,7 балл деп бааланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда 3 миңден ашуун адам каза таап, дагы 20 миң киши жабыркаган.Ал эми Сирия бийлиги кеминде 1 444 киши мүрт кетип, миңдегени жабыркаганын билдирүүдө.

БУУнун берген баасы боюнча, бул табият кырсыгы Түркиядагы дээрлик 33 миңден ашык адамдын өмүрүн алган 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн да катуу болгон. Түркияда табият кырсыгынан каза тапкандардын элеси үчүн жети күндүк аза күтүү жарыяланды.