Оторбаева: УКМК 24.kg сайтындагы маалыматтардын бири боюнча кылмыш ишин козгоду

24.kg маалыматтык агенттигинин башчысы Асел Оторбаева 6-февралда УКМКнын сурагына басылманын сайтына чыккан материалдардын бирине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча чакырылганын айтып берди.

«Мага тергөөнү маалыматтын өзү кызыктырбай эле, соцтүйүндөрдүн биринде анын алдына калтырылган комментарий кызыктырып жаткандай туюлду. Соцтүйүндөрдө расмий барактары бар кайсы гана ЖМК болбосун жарык көргөн маалыматтардын алдына ондогон же жүздөгөн комментарийлерди калтырышат», — деди 24.kg’нин башчысы.

Оторбаева соцтүйүндөрдө чыккан маалыматтардын алдына терс пикирлерлерди көбүнесе фейк же анонимдүү аккаунттар калтырарын белгиледи. Бул себептүү ал эмне үчүн укук коргоо органдары «бузуку ойлорду жазгандарды» аныктап, жоопкерчиликке тартпайт деп суроо салды.

«“ЖМК жөнүндөгү” мыйзамды так сактап иштеген журналисттер, ал эми 24.kg’де бул документти билишет, аны сакташат, эч качан ушуга окшогон базарчы комментарийлердин деңгээлине түшүшпөйт», — деп кошумчалады Оторбаева.

Журналист суракка адвокаты менен барганын жана тергөөчү ыйгарым укуктарынан аша чаппаганын билдирди. УКМКдан ага эгер кошумча суроолор болсо кайра чакыртыларын айтышкан.