Өкмөт ар бир литр майдан жол оңдоого акча алып турууну сунуштап жатат

Министрлер кабинети «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык ар бир литр майдан жолду оңдоого жана тейлөөгө белгилүү бир сумманы алынып турат.

«Бул жерде “ким жолдо көп жүрсө, ошол көп төлөйт” жана баары сапаттуу жолдо жүрөт деген принцип камтылган өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбасы каралган», — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.

Минкаб мындай өзгөртүүнү жолдорду оңдоого жана тейлөөгө каражат жетпей жатканы үчүн сунуштап жатат. Азыркы тапта Жол фондуна акча айып пулдардан жана күйүүчү майлардын акциздик салыгынан 50% түшүп турат.

«Бул булактар боюнча түшүүчү каражаттардын болжолу алардын биздин жолдорду стандарттарга ылайык келтирүү үчүн жетишсиздигин көрсөтөт. Биздин өлкөдө автомобиль жолдорун нормативдик коопсуздук абалда кармоо үчүн жылына 10 млрд сом талап кылынат. Иш жүзүндө республикалык бюджеттен болжол менен 2 млрд сом бөлүнөт, бул жолдун 1 киллометрине болжол менен 100 сомду түзүп, жолдорду талаптагыдай кармоо үчүн эч нерсеге арзыбайт», — деп эсептейт минкаб.

Ушул эле документте бийлик дөңгөлөктөрдү, капкактарды жана күйүүчү майды кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымын сунуштап жатат. Аларга ушундай түрдөгү продукцияны импорт кылуучулар акы төлөшөт.

Минкаб буга чейин дагы ушундай эле жыйымдарды чогултуп, кийин аларды жолдорду оңдоого жана камсыздап турууга жумшоону сунуштаган. Мындай сунушту 2022-жылы ноябрында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги демилгелеген.